Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:54

Шыкмаматов: Баш мыйзамдын долбоорунда демократияга сокку ура турган жерлери бар экен


Алмамбет Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматов.

Парламенттин экс-депутаты Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин сайтында жарыяланган Баш мыйзамдын жаңы долбоорунда демократияга жана сөз эркиндигине сокку ура турган жерлери бар деп эсептейт. Мындай пикирин экс-депутат «Азаттык» радиосу менен бөлүштү.

«Конституциялык реформаны жасабаса болбойт. Бул тарыхый талап, мезгил талабы. Бирок конституциялык реформаны эл аралык стандарттар менен, Конституциялык палатанын корутундусун алып туруп, мыйзамдарга ылайыкташтырып, шашпай, 6-7 айда жасасак болмок. Бул чийгилеп туруп кабыл ала турган документ эмес. Көп жеринде бири-бирине каршы келген, демократияга, сөз эркиндигине сокку ура турган, кадр саясатын Элдик курултайга берип койсо башаламандыкка алып келе турган механизмдер бар экен. Айтор бул долбоорду Жогорку Кеңеш тез арада чакыртып алыш керек. Азыр баарыбыз ынтымакта президенттик шайлоону өткөрүп алышыбыз зарыл», - деди Шыкмаматов.

Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Долбоорго ылайык президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайланат, өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.

Мындай өзгөрүүлөр коомдук-саясий чөйрөдө көп адамдар тарабынан бийликти узурпациялоо, бир колго топтоо аракети, өлкөнүн келечегине доо кетирүү катары бааланып жатат. Бирок өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине жооп берди. Ал бул боюнча өз кайрылуусун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады. Жапаровдун кайрылуусунда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуунун зарылдыгын көрсөттү» деп айтылат. Ошондой эле Жапаров жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес экенин белгилеп, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө элди катыштырууга шарт түзүү экенин билдирген.

Жапаров кыргызстандыктарды Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого жигердүү катышууга чакырып, сунуштар эске алынарын айтты.

Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш 17-июлда коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон. Алардын айрымдары бул долбоорго демилгечи жана автор эмес экенин айтып чыгышты. Долбоордун өзүнүн автору тууралуу так маалымат таратыла элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG