Өкмөт башчылык кызматын убактылуу токтоткон Садыр Жапаров Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы болгондордун сын-пикирине жооп берди. Ал кайрылуусун социалдык тармактардагы баракчаларына жарыялады. Жапаровдун кайрылуусунда «2010-жылы кабыл алынган Конституция бир ууч адамдардын пайдасы үчүн гана кабыл алынган, он жылдагы тажрыйба жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу зарылдыгын көрсөттү» деп айтылат.
«2010-жылы кабыл алынган Конституциянын 114-беренесинде Конституцияга өзгөртүү киргизүү гана мүмкүнчүлүгү каралып, ошол эле убакта толуктоолорду киргизүүгө же жаңы редакцияны кабыл алууга бөгөт коюлуп калган. Муну менен Кыргызстандын өз алдынча эгемен мамлекет катары калыптанып, андан ары өнүгүп-өсүшүнө тоскоолдук жаралып калган. Буга акыркы 10 жылдагы жашоо-турмушубуз далил болду. Кыргызстанды шоопурлар, жан сакчылар жана ушул сыяктуу бир ууч адамдар башкарып келди. Алардын кесепетинен кечээ жакындагы элдик толкундоолор келип чыккандыгы жалпыга маалым», деп айтылат Жапаровдун кайрылуусунда.
Ошондой эле Жапаров жаңы Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча демилге Акаевдин, Бакиевдин тушунда кабыл алынган Конституцияларга кайтып келүү эмес экенин белгилеп, мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүдө элди катыштырууга шарт түзүү экенин билдирген.
Жапаров кыргызстандыктарды Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоого жигердүү катышууга чакырып, сунуштар эске алынарын айтты. Учурда бут тосуу көп болуп жатканын билдирип, аны сындагандарга жооп берди.
«Мындан 20 эле күн мурда жаңыланууга каршы болгондор «кокуй эле кокуй, жабык эшик артында Баш мыйзамды даярдап, элдин талкуусуна алып чыкпастан, кабыл алганы жатышат» деп кыйкырып чыгышты эле. Эми Баш мыйзамдын долбоорун элдин талкуусуна алып чыкса, буга да каршы болуп, «мыйзам бузуу болуп жатат» деп элибиздин башын айлантып, бут тосуп жатышат» деп жазылды Жапаровдун кайрылуусунда.
Конституциянын жаңы долбоорунда президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай институту киргизилген. Долбоорго ылайык президент мамлекеттин башчысы болуп саналат жана аткаруу бийлигин жетектейт, мамлекеттин ички, тышкы саясатынын негизги багыттарын аныктайт жана беш жылдан эки мөөнөткө шайланат, өкмөттүн курамын жана түзүмүн өзү аныктайт. Ошондой эле долбоордо өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн. Парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылары көрсөтүлгөн.
Мындай өзгөрүүлөр коомдук-саясий чөйрөдө бийликти узурпациялоо, бир колго топтоо аракети, өлкөнүн келечегине доо кетирүү катары бааланды. Маселен, саясат таануучу Эмил Жураев социалдык тармактардагы баракчасында бул демилгени токтотууга чакырып, «Бул долбоор Кыргызстанды жакынкы эле убакта туңгуюкка кептейт. Кайра куугунтук, камоо, ооздуктоо күчөйт, элди бөлүп-жаруу арбып, кайра төңкөрүш болот" деп жазды.
Кыргызстандын Конституциясынын жаңы долбоорун Жогорку Кеңеш 17-ноябрда коомдук талкууга чыгарды. Анда көрсөтүлгөнгө караганда Баш мыйзамдын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон. Долбоордун өзүнүн автору тууралуу так маалымат таратыла элек.(TSh)