Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:01

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгарууга кол койгон депутаттардын тизмеси жарыяланды


Кыргызстандын Конституциясы.
Кыргызстандын Конституциясы.

Конституциянын жаңы долбоорун референдумга чыгаруу тууралуу мыйзам долбооруна кол койгон 80 депутаттын аты-жөнү жарыяланды. Жогорку Кеңештин расмий сайтына чыккан маалыматка караганда, алар төмөнкү депутаттар:

КСДП фракциясынан 21 депутат: А.Абжалиев, А.Акматов, А.Арапбаев, Ө.Бакиров, С.Жураев, С.Ибраев, А.Карашев, Н.Каримов, С.Келдибаев, К.Керезбеков, А.Кулбараков, И.Маннанов, Г.Молдобекова, С.Молдалиев, Ж.Мусабекова, И.Өмүркулов, А.Осмонова, У.Примов, К.Рыспаев, М.Эгембердиев, Ч.Урумкалиева.

«Республика - Ата Журт» фракциясынан 21 депутат: А.Алтынбеков, К.Баймуратов, А.Бешимбаева, К.Бокоев, А.Дүшалиев, Т.Жоробеков, Жунус уулу Адыл, Д.Исаева, М.Мавлянова, М.Маматалиев, У.Кыдыралиев, Б.Райымкулов, З.Рысалиев, М.Сабиров, Т.Тиллаев, Н.Тотонов, П.Тулендыбаев, Ж.Турускулов, А.Бердиев, С.Исманов, А.Карыбеков.

«Кыргызстан» фракциясынан 14 депутат: Ш.Абдыкеримов, С.Айдаров, Н.Алимбеков, О.Алыбаев, К.Конушбаев, Б.Нурдинов, У.Самаев, Б.Сыдыгалиев, А.Турсунбаев, С.Анарбаев, Б.Кенжебаев, М.Койчуманов, У.Садиков, З.Эсенаманов.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан 13 депутат: Н.Айдаров, Г.Асылбаева, М.Бакиров, К.Жолдошбаев, А.Жутанов, Т.Икрамов, А.Султанов, Н.Сырдыбаев, Б.Төрөбаев, А.Юсуров, Н.Арзыбаев, У.Исмаилов, О.Турдумамбетов.

«Бир Бол» фракциясынан алты депутат: К.Жумалиев, У.Ормонов, Б.Субанбеков, Э.Тагаев, Б.Турусбеков, А.Жапаров.

«Ата Мекен» фракциясынан беш депутат: И.Гайпкулов, Г.Самат, Н.Сыдыгалиев, Э.Токтошев, А.Маматов.

Баш мыйзамдын жаңы долбоору парламенттин расмий сайтына 17-ноябрда жарыяланды. Анда көрсөтүлгөндөй, Конституциянын долбоорун референдумга алып чыгууга 80 депутат демилгечи болгон.

Долбоордо президенттин укуктары кеңейтилип, мамлекеттик башкарууга Элдик курултай деген жаңы институт киргизилген. Ошондой эле парламенттин депутаттарынын саны 120дан 90го кыскартылып, өкмөттү башкаруу премьер-министр болгон президентке жана анын аппаратына жүктөлгөн.

Укук коргоочулар жана айрым саясатчылар эгер бул долбоор кабыл алынса Кыргызстанда авторитардык бийлик орной турганын айтып жатышат.

Кол койгон депутаттардын айрымдары мындай кооптонууну четке кагып, андагы сунуштарды колдой турганын, айрымдары долбоордун мазмунуна эмес, коомдук талкууга коюлушуна макул болуп гана кол коюп бергенин билдирүүдө. (RK)

XS
SM
MD
LG