Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:49

АКШнын президенти «шайлоо бурмаланды» деген өз доосун колдобогон Кребсти кызматтан алды


Киберкоопсуздук жана инфратүзүм коопсуздугу агенттигинин башчысы Кристофер Кребс. 2019-жылдын 22-майы.
Киберкоопсуздук жана инфратүзүм коопсуздугу агенттигинин башчысы Кристофер Кребс. 2019-жылдын 22-майы.

АКШнын президенти Дональд Трамп «2020-жылдын 3-ноябрында өткөрүлгөн президенттик шайлоо өзгөчө бурмалоо менен коштолду» деген өзүнүн доосуна кайчы пикир билдиргендиги үчүн кибернетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча федералдык агенттиктин жетекчиси Кристофер Кребс мырзаны кызматтан алды. Бул тууралуу президент Трамп 17-ноябрда «Твиттердеги» барагында жарыялады.

Кристофер Кребс жетектеген мекеме жакында өткөрүлгөн президенттик шайлоонун коопсуздугун дурус деп баалаган жана шайлоодо массалык добуш бурмалоо болду деген жоромолду четке каккан болчу.

Трамптын «Твиттерде» жарыя кылган доосуна караганда, шайлоо маалында өлгөн кишилердин добуштары да саналып кеткен, шайлоо тилкелеринде байкоочуларга тоскоолдук жаратылган, добуш санаган жабдуулар так эмес маалымат беришкен.

Президент Трамп демократтардын өкүлү, президенттикке шайланган Жо Байдендин жеңишин таануудан дагы эле баш тартып жаткан чагында ушундай кадр алмаштыруучу кадамга барды. Кристофер Кребс АКШдагы 2016-жылкы президенттик шайлоого Орусия кийлигишти го деген имиштерден улам түзүлгөн Киберкоопсуздук жана инфратүзүм коопсуздугу агенттигинин анын негизделген күнүнөн тартып ырааттуу жетектеп келген. Ал 3-ноябрдагы шайлоо маалында да агенттикти башкарып турган.

Бул агенттик чет өлкөдөн кийлигишүүнүн жана болжолдуу добуш бурмалоонун алдын алуу жаатында иш алып барат. Өткөн аптада бул агенттик билдирүү таркатып, 2020-жылкы президенттик шайлоону «Американын тарыхындагы коопсуздугу камсыз кылынган өзгөчө шайлоо болду» деп баалаган болчу.

XS
SM
MD
LG