Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:01

Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди


Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. 14-ноябрь, 2020-жыл.
Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берди. 14-ноябрь, 2020-жыл.

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров 14-ноябрда президенттик шайлоого катышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) документтерин тапшырды.

Ал президенттин кызмат ордуна талапкерлигин көрсөтүү ниети жөнүндө арызын, башка мамлекеттин жарандыгы жок деген маалыматты, мамлекеттик тилди билүү деңгээли тууралуу сертификатты жана башка зарыл маалымкаттарды, документтердин формаларын жана көчүрмөлөрүн берди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматына караганда, президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргендер 40 кишиге чукулдап калды.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын бурмаланган жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, ал окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Сооронбай Жээнбеков 16-октябрда президенттик кызматын тапшырып берген.

Азыр президенттин милдетин элдик толкундоо убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган жана кийин Жогорку Кеңеш премьер-министр кылып шайлаган Садыр Жапаров аткарып жатат.

Мыйзам боюнча Жапаров шайлоого катышса президенттин ыйгарым укуктарын аткарууну токтотот. Президенттин милдетин убактылуу аткаруу парламенттин төрагасы Талант Мамытовго жүктөлөт. Ал эми биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков өкмөттү убактылуу жетектейт.

«Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө» мыйзамга ылайык, президенттик кызматка талапкерлигин көрсөткөн адамдар 14-ноябрга чейин (ошол күндү кошуп эсептегенде) БШКга арыз бериши керек.

БШК мөөнөтүнөн мурдагы президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (BTo)

XS
SM
MD
LG