Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:07

Өкмөттүн мурдагы аппарат жетекчиси Кылжыев кармалганы кабарланды


Санжар Кылжыев.
Санжар Кылжыев.

Бишкекте кыргыз өкмөтүнүн аппаратынын мурдагы башчысы Самат Кылжыев кармалганы кабарланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» ишенимдүү булактар кабарлады. Маалыматка ылайык, Кылжыев сурактан кийин кармалган. Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет расмий түрдө Кылжыевдин кармалганы жөнүндө маалымат тарата элек.

Айрым маалымат каражаттары Самат Кылжыевдин үйүндө тинтүү болгонун жазып чыгышты.

Буга чейин Кылжыев «Скай Мобайл» компаниясына берилген радио жыштык боюнча иштин алкагында сурак берип жүргөнү кабарланган.

7-ноябрда Самат Кылжыевдин өлкө жетекчилигине бул иш боюнча тергөөнү тездетүүнү суранган кайрылуусу жарыяланган.

XS
SM
MD
LG