Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:30

Батукаев иши: Башкы прокурордун мурдагы орун басары Усманова сотко жеткирилген жок


Азиз Батукаев.
Азиз Батукаев.

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын ишин кароо 11-ноябрда уланды.

Аида Салянованын тууганы Чынара Турдалиева «Азаттыкка» билдиргендей, бүгүнкү сотто башкы прокурордун мурдагы орун басары Людмила Усманованы мажбурлап алып келүү тууралуу соттун чечими аткарылган жок. Усманова сотто Салянованын туугандары басым көрсөтүп жатат деген негизде жана коронавирус пандемиясына байланыштуу саламаттыгынан чоочулап жараянга өзү келген эмес, ордуна адвокатын жиберген. Мындан тышкары кийинки жараяндарда онлайн катышуу тууралуу өтүнүч келтирип, сот Усманова менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди да келерки териштирүүгө аралыктан катыштыруу тууралуу чечим чыгарды. Салянованын жакындары бул чечимге нааразылык билдирип жатышат.

«Судья бири-бирине карама-каршы келген чечим чыгарып койду. Биз эч кимге кол салып же агрессивдүү кадамдарга барган да, коркуткан да эмеспиз. Усманова жалган негиздерди келтирип, басым болуп жатканы тууралуу өтүнүч берди»,- деди Чынара Турдалиева.

Усманованын өзү соттун чечими боюнча комментарий бере элек. Кийинки отурум 25-ноябрга белгиленди.

Кыргызстанда баңгизат сатуу, мыйзамсыз курал сактоо, адам өлүмүнө алып келген башаламандык уюштуруу үчүн айыпталып 16 жыл сегиз айга эркинен ажыратылган кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы «айыккыс илдетке чалдыккан, саналуу өмүрү калган» деген негизде мөөнөтүнөн мурда Нарын шаарындагы түрмөдөн чыккан. Ал атайын коштоо менен Бишкекке жеткирилип, чартердик каттам менен Орусияга учуп кеткен. Кримтөбөл азыр Орусияда экени айтылып жүрөт.

Бул окуя боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренеси менен козголгон иштин негизинде жалпысынан 19 адамга айып коюлган. Алардын ичинен төрт кишиге өкүм чыккан.

Ал эми тергөө менен кызматташууга макул болгон 14 кишинин ичинде Салянова да бар болчу. Кийин ал тергөө менен келишимин токтотконун, бирок ага чейин жана андан кийин да иш боюнча берген көрсөтмөсүн өзгөртпөй турганын билдирген.

Свердлов райондук соту тергөө менен кызматташкандардын ичинен алты адамды 260 миң сомдон, төрт кишини 300 миң сомдон айыпка жыкты. Дагы төрт кишинин иши сотто каралып жатат. Алардын бири - мурдагы башкы прокурор Салянова.

Усманова 2019-жылдын июнь айында ИИМдин тергөө кызматында суракта болуп, коё берилген. (NT)

XS
SM
MD
LG