Президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров 10-ноябрь – Жаштар күнүнө карата куттуктоо таратып, «биздин ар бир жасаган ийгиликтүү ишибиздин артында жаштар турары талашсыз» деп белгиледи.
Ошону менен катар ал жаштар өлкөнү алдыга сүрөп туруучу кыймылдаткыч күч экенин айтып, «өлкөдөгү болуп жаткан адилетсиздикке, максатсыз кадамдарга, мыйзамсыз иштерге бөгөт коюп, бийликтен адилеттикти талап кылгандар биздин жаштар болду» деп кошумчалады.
Жаштар өлкөнүн экономикалык, социалдык жана аймактык өнүгүшүнө чоң салым кошуп келе жатканын белгилеп, аларды ар тараптуу колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты.
Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, жаштардын катарына 14-28 жаштагылар кирет. 2017-жылдын маалыматына караганда, жаштар өлкө калкынын 27% түзөт. Алардын үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт.(RK)