Өткөн жумада кен казган ишканалардын айрымдары менен президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров жолугуп кайткан. Бирок бул кездешүү да кенчилерге кепилдик берген жок сыяктуу.
«Качан иштээрибиз белгисиз»
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы Бозумчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров менен жолугушуунун жыйынтыгы жөнүндө расмий маалымат берди.
Мекеменин өкүлү Елена Трегубова мекеме качан иштей турганы белгисиз бойдон калганын «Азаттыкка» кабарлады:
«5-6-октябрдагы окуялардан кийин ишканабыз токтоп калган боюнча ишибизди жанданткан жокпуз. Жергиликтүү элдин ишти токтотуу тууралуу талабына ылайык, кызматкерлерибиздин коопсуздугу үчүн ушундай чечим кабыл алынган. Эми качан иштей баштайбыз? Анын бардыгы кырдаалдан көз каранды. Ишкананы кайра жандантуу тууралуу бизге эч кандай маалымат келе элек. Декабрдын аягында иштей турганыбыз да так эмес. Садыр Жапаров келген учурда бул жөнүндө сөз болгон жок. Ал биздин аймакта жергиликтүү тургундар менен жолугуп, ишканаларга тоскоол болбоого чакырды».
Елена Трегубова компаниянын миңдей жумушчусу азыр ишсиз отурганын, октябрдын башындагы тополоңдо жабыр тарткан бир кызматкери дарыланып жатканын да кошумчалады.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 4-5-ноябрда Жалал-Абаддагы иш сапарынын алкагында ушул эле Ала-Бука районундагы «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясындагы жана Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терексай» компаниясындагы жагдай менен таанышкан. Ал ошондой эле жергиликтүү эл менен жолугушуп, кенге байланыштуу билдирүүлөрдү жасаган.
«Токтоп калган ишканаларды ишке киргизели деп жатабыз, - деген эле ал. - Элден, сиздерден «тоскоолдук кылбай туруңуздар» деп сураналы деп келдик. Бизге убакыт керек. Бардыгын жөнгө салабыз. Ал үчүн 4-5 айга чейин убакыт керек. 30 жылдан бери ушундай башаламандык болуп, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгы каралбай калгандыктан, эл ишканаларды жаап, басып алып, иштетпей, инвесторлорду кубалап жатасыздар. Аны да туура түшүнүп турабыз. Бул элдин же инвестордун күнөөсү эмес, бул биздин, өкмөттүн күнөөсү. Анткени алар жеке чөнтөктү карап жүрө беришкен. Муну бардыгы билет. Ошондуктан Бозымчакта эле эмес, бардык кендерде комиссия түзүп, кайрадан текшерип чыгып, кайра сүйлөшүүлөргө отурабыз. Тартып албайбыз, басып албайбыз, бирок эки жактын макулдугу менен келишимдерди кайра карап чыгабыз. Эгерде мамлекеттин үлүшү жок болсо, лицензиянын, ишкананын кожоюндарынын макулдугу менен аны киргизебиз. Жергиликтүү калктын да кызыкчылыгын камтыйбыз».
«Кооптонуу дагы эле бар»
6-7-октябрь күндөрү бир катар кен иштетүүчү компанияларга чабуул коюлуп, өрттөлгөнү кабарланган. Алардын ичинде Таластагы Жерүй алтын кени да бар. Бул кенде орусиялык «Алтын Альянс» ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан.
Буга тушташ Чаткалдагы Терек-Сай алтын кенин иштеткен «Eti bakir» компаниясы, Жамгыр алтын кенин «Вертекс Голд Компани» ишканасы, Чаарат алтын кенин иштеткен «Chaarat Gold» компаниясы да жумушун убактылуу токтотконун кабарлаган.
Бозымчак алтын кенин иштетип жаткан «KAZ mineralz Bozymchak» компаниясы жана ушул эле райондогу Иштамберди алтын кенин иштеткен «Full Gold Mining» компаниясы да өндүрүшүн токтоткон. Алар ишин кайра качан жандантары айтылган эмес.
Өнөр жайы, энергетика жана жер казынасы боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчисинин орун басары Мырза Жаманбаев алардын айрымдары жакын арада ишке кириши мүмкүн экенин билдирди:
«Бүгүнкү күндө «Вертекс Голд Компани» бир жума ичинде ишмердүүлүгүн жандантууну көздөп турат. Андан тышкары «Кичи Чаарат», «Эти Бакыр Терексай» жергиликтүү элдин талаптары аткарылса бир жумада ишке кириши мүмкүн. Бозумчак кенинин айланасында да сүйлөшүүлөр болуп жатат. Өрттөнүп кеткен «Full Gold Mining» компаниясы быйыл ондолуп бүтпөй калат, алар келерки жылы үчүнчү кварталдан баштап жанданышы ыктымал. Жерүй кени быйыл ачылышы керек болчу, аныкы да 2021-жылга калды. Жалал-Абадда Макмал, Чүйдөгү Алтын кен жана башка кендер иштеп жатат. Кендердин коопсуздугун кароо жергиликтүү бийликке, укук коргоо органдарына тапшырылган, мындан ары алардын чочулашына негиз жок».
Мурдараак Ишкерликти өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин 23-октябрдагы чукул отурумунда ассоциациялардын өкүлдөрү чет элдик жана жергиликтүү инвесторлор ишин улантуудан кооптонуп жатканын маалымдашкан. Анда башаламандык күндөрү кендерди басып алууга жана инвесторлордун мүлкүн тартып алууга байланыштуу 50дөй факты бар экенин билдиришкен.
Мындай кооптонуу дагы эле бар экенин Тоо-кен тармагы боюнча кесиптик кошуундар уюмунун Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн башчысы Абдижалил Ташматов да билдирди. Анын айтымында, бул жагдай улана берсе миңдеген киши жумушсуз калышы ыктымал.
«Биз билгенден бардык эле компаниялар иштебей турат, - деди ал. - Кээ бир компаниялар жумушчулары иштебесе да айлык менен кармап турат, айрымдары төлөнбөй турган эмгек өргүүсүнө чыгарышкан. Азыр эми ушинтип турат деңизчи, бирок эгер абал улана берсе, жыл аягында келишимдер бүткөн кезде, көп өзгөрүүлөр болушу ыктымал. Же алар көп кызматкерлер менен келишимдерди үзгөнгө аргасыз болот, же көбү биротоло жумушсуз калат. Эгер Жалал-Абадды эле алсак, кен компанияларында 1500дөй адам иштейт. Компаниялар иштебей калса ушунча киши айлыксыз калат. Ошон үчүн жаңы жылга чейин, же жаңы жылдан кийин иш башталып кеткени жакшы эле. Компаниялардын көбү азыр президенттик шайлоону күтүп жатат. Алар дагы бирдеме чыгып кетеби деп кооптонуп жатышат. Ар кандай талаптарды коё берип, эл аларды тажатып жиберди. Азыр деле абал жакшырып кетти деп айта албайм, абал оор бойдон турат».
Геологиялык кызматтын маалыматы боюнча, Кыргызстанда 2500дөн ашык алтын кени бар. Адистер алардын айрымдарында баалуу металлдын көлөмү өтө аз болгондуктан, жеринде өндүрүш ачууга кызыкчылык жок экенин белгилешет.
Жер казынасынын өлчөмү боюнча мамлекеттик комиссиянын маалыматына караганда, 46 ири алтын кени бар экени аныкталган. Алардагы жалпы алтындын өлчөмү 666 тоннага жакын деп эсептелген.
Кыргызстанда баалуу металлдарды чалгындоого жана иштетүүгө 593 лицензия берилген. Анын ичинен кенди казып иштетүүгө 104 лицензия туура келет. Калгандары чалгындоо иштерин жүргүзүүгө берилген. Мунун ичинен 39 компания алтын өндүрөрү белгиленсе, азыркы учурда он чактысы иш алып барат. Алардын ичинде «Кумтөр Голд» компаниясы да бар.