Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Садыр Жапаров: Баш мыйзамдын жаңы долбоору он чакты күн ичинде даяр болот


Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Конституциянын жаңы долбоору он чакты күн ичинде даяр болот. Бул тууралуу 9-ноябрда Нарында эл менен жолугушууда президенттин милдетин аткаруучу өкмөт башчы Садыр Жапаров билдирди.

Ал адистер Баш мыйзамдын долбоорун даярдап бүтүп калышканын айтты:

«Элге талкууга коёбуз. Өзүңөр чечесиздер. Азыр бизде парламенттик башкаруу. Бул жерде президенттик башкаруу деген сунуш болуп жатат. Парламент аралашма болсун деп жатат: жарымы бир мандаттуу, жарымы партиялык. Анан курултай институтун киргизебиз. Жылына бир жолу бардык айылдардан 2-2,5 миң адам Бишкекке чогулуп, президенттен жана парламенттен отчёт алып турасыздар».

Жапаров жумуш сапары менен бүгүн Нарын облусун кыдырууда. Ал айрым социалдык объектилерди көрүп, Жогорку Нарын ГЭС каскады курула турган жерге барат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон партиялар митингге чыгышкан. Акциядан кийин башаламандык башталып, өлкөдө бийлик алмашкан. Мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда өткөнү жатат. Парламенттик кайра шайлоону бийлик конституциялык реформадан кийин өткөрүүнү пландоодо.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын билдирген.

Конституцияны өзгөртүү боюнча Жапаров айтып жаткан сунуштарга карата кайчы пикирлер да бар. Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев «Кыргызстан президенттик башкарууга өтсө, бир кишини пир туткан экинчи Түркмөнстанга айланарын» айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG