Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

АКШнын өнөктөштөрү Жо Байдендин жеңишин кубаттоодо


Жо Байден жана Камала Харрис
Жо Байден жана Камала Харрис

АКШнын аскердик, саясий жактан жана экономикалык уюмдар боюнча өнөктөштөрү президенттик шайлоодо Жо Байдендин жеңиши боюнча маалыматтарга дароо реакция жасашты.

АКШнын Европадагы негизги өнөктөшү саналган Германиянын канцлери Ангела Меркель “Биздин трансатлантикалык достугубузду эч нерсе алмаштыра албайт жана биз азыркы учурдун жаңы чакырыктарын кабыл алабыз”, - деди.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо өкмөттүн атынан Жо Байденди жана вице-президент болуп шайланган Камала Харристи куттуктады. Өкмөт башчы АКШ менен Канаданын өзгөчө кызматташтыгы бар экенин билдирди. 56 жаштагы Камала Харрис АКШнын тарыхындагы алгачкы аял, ынды кара жана азия тектүү вице-президент болуп калат.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон да Байденди жана Харристи тарыхый жеңиши менен куттуктады.

“АКШ – бул биздин маанилүү өнөктөшүбүз. Климатты сактоодон баштап, соода жана коопсуздукка чейин тыгыз кызматташабыз деп ишенем”, - деди Жонсон.

Жо Байденди жана Камала Харристи Ирландиянын өкмөт башчысы Микал Мартин, Франциянын, Италиянын, Австриянын, Испаниянын жана Украинанын лидерлери куттуктады.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Жо Байден Түндүк атлантикалык союзду өнүктүрүүнү колдоп келгенин белгиледи.

Жо Байден АКШнын 46-президенти болуп шайланды. Байден шайлоочулар коллегиясынын 279 добушу менен учурдагы президент Дональд Трампты утуп алганын бир катар америкалык медиа каражаттары кабарлашты.

Дональд Трамп утулганын мойнуна алуудан баш тартууда. Ал өз билдирүүсүндө «Шайлоо азырынча аяктай элек» деп жазган. Ал айрым штаттарда добуштарды кайра саноо болорун кошумчалады. Анткен менен шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн айтымында, добуштар кайра саналса деле шайлоонун жыйынтыгын өзгөртпөйт. Трамп 7-ноябрда эле «Твиттерге» «жеңишке жеттим» деп жазган.

Жоржия, Аризона, Түндүк Каролина жана Аляска штаттарында добуштар саналып бүтө элек.

Бул шайлоодо Республикалык партиядан 74 жаштагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан 78 жаштагы мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышты. АКШда шайлоонун жыйынтыгы штаттардын деңгээлинде чечилет. Штатта шайлоодо алдыга чыккан талапкер ошол штаттагы белгилүү сандагы шайлоочулар коллегиясынын мүчөлөрүнүн добушуна ээ болот. Шайлоочулар коллегиясындагы 538 добуштун кеминде 270ине ээ болгон талапкер жеңүүчү болуп табылат.

3-ноябрда АКШда президенттик шайлоодон тышкары Конгресстин Өкүлдөр палатасынын 435 мүчөсүн жана 100 орундуу Сенаттын 35 мүчөсүн шайлоо да өттү. (TSh)

XS
SM
MD
LG