Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:09

«Фейсбук» Трампты колдогон «Уурулукту токтот» тобуна тыюу салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

«Фейсбук» социалдык түйүнү АКШдагы президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн саналышын токтотууну талап кылган, Дональд Трамптын тарапташтары түзгөн «Уурулукту токтот» аттуу ири топко тыюу салды. Компаниянын өкүлү Энди Стоун алардын «демократтар добуштарды уурдап жатат» деген билдирүүлөрү негизсиз экенин айтты:

«Топ шайлоо жараянынын легитимдүүлүгүн тануу максатында түзүлгөн жана биз анын айрым мүчөлөрүнүн зордук-зомбулукка чакырыктарын көрдүк».

«Фейсбукта» добуш саноону токтотууга чакырган чакан тайпалар жабыла элек жана компания аларды акмалап турат.

«Уурулукту токтот» тобу колдоочуларын «добуш берүүнүн тазалыгын коргоп чыгууга» чакырып жаткан жана ушул тушта добуштар саналып толук саналып бүтө элек Жоржия, Түндүк Каролина жана Пенсилвания штаттарына барганы жаткан адамдарга акча чогултуп берүүгө үндөп келген. Бул топ «Фейсбуктун» мындай кадамын сынга алды.

Дагы бир кызматтык мөөнөткө калууну көздөгөн президент Дональд Трамп добуш саноону токтотууну талап кылган жана буга чейин шайлоонун ачык-айкындуулугунан шек санаган билдирүүлөрдү жасаган, бирок кандайдыр бир далилдерди келтирген эмес.

Буга чейин «Твиттер» социалдык тармагы Трамптын шайлоо жана башка темадагы айрым билдирүүлөрү так эмес экенин эскерткен белги койгон.

АКШда соңку президенттик шайлоодо ким жеңгени азырынча аныктала элек, бирок Демократтар партиясынан талапкер Жо Байден өлкө тарыхында эң көп добуш топтоду. Ага ылайык, ага 72 миллиондон ашык жаран добуш берди. Дональд Трампты болсо 68 миллиондон ашык шайлоочу колдоду.

Буга чейинки рекордду 2008-жылы шайлоодо Барак Обама орноткон. Ага ылайык, өлкө тарыхында биринчи ынды кара талапкерди колдоп 69, 5 миллион адам добуш берген.

АКШда шайлоочулар коллегиясынын 538 добушунун кеминде 270ин алган талапкер президент болуп шайланат. Ушул тушта Байден 253 добушка ээ болду, ал эми Трамп болсо 214 добуш топтоду.

Бул шайлоодо коронавирус пандемиясынан улам миллиондогон жарандар алдын ала почта аркылуу добуш беришкен. Ушул тушта чечүүчү деген айрым штаттарда бюллетендер толук саналып бүтө элек.

XS
SM
MD
LG