Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:59

Өмүрбек Бабанов: Президенттикке талапкерлигимди койбойм


Садыр Жапаров жана Өмүрбек Бабанов.
Садыр Жапаров жана Өмүрбек Бабанов.

«Республика» партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов социалдык түйүндөгү жеке баракчасынан элге кайрылуу таратты. Ал өз кайрылуусунда 5-ноябрда премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров менен жолукканын, ал өлкөнү олуттуу өзгөртүүгө даяр экенин көргөнүн жазды.

«Өлкөбүздөгү саясий-экономикалык абал курч экендигин бардыгыбыз көрүп турабыз. 5-октябрда элди толкуткан кесепеттерди түп-тамырынан жоюп, тезинен өнүгүү жолуна түшүүгө бизде мүмкүнчүлүктөр бар!

Кечээ Садыр Нургожоевич менен жолуктум. Өлкөбүздү өнүктүрүүгө керек болгон терең маселелерди ачык талкууладык. Өлкөбүз эркиндикти туу тутуп, демократиянын нугунда гана тез өнүгө аларына окшош пикирде экендигибизди ачык көрдүм. Садыр Нургожоевич мурдагы башкаруучулардын каталарын кайталабай турганын, олуттуу өзгөрүүлөргө даяр экендигин көрдүм.

Конституциялык реформаны да кеңири сүйлөштүк. Эң негизгиси, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун түзүш керек. Сот системасынын толук өз алдынчалыгын камсыз кылып, парламентти күчтөндүрүш керек экендиги тууралуу так түшүнүк бар!

Мени колдоп келген бардык адамдарга, тилектештериме ыраазычылык билдирем! Партиялаштарым менен акылдашып, Кыргызстандын президентинин кызматына өз талапкерлигимди алып чыкпоону чечтим», - деп жазган.

Буга чейин президенттик шайлоого Бабанов катышарын айрым басылмалар жазып келген. Бирок ал бул маселе боюнча комментарий бере элек болчу. (BCh)

XS
SM
MD
LG