Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

УКМК: «Дастан» ишканасында миллиондогон сом кымырган факты аныкталды


«Дастан» ишканасы.
«Дастан» ишканасы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы эл аралык «Дастан» ачык акционердик коомуна караштуу «Улан» ишканасынын жетекчилиги ири өлчөмдөгү бюджеттик каражатты кымырып алган учур аныкталганын билдирди.

Аталган ишкана 2020-жылдын май айында чет өлкөдөн жабдуу алып келүү боюнча үч миллион долларлык келишимге кол койгон.

Бул сумманын 695 миңин «Дастан» ишканасынын жетекчилиги өзүнө таандык «Улан» ишканасы менен жабдууну алып келүү боюнча жасалма келишим түзүп, кымырып алган. Бул келишимдин баасы 54 миллион сом болгон.

Факт боюнча Жазык кодексинин 205-беренеси («Аманат мүлктү өзүнө ыйгарып алуу жана коротуп салуу») менен сотко чейинки тергөө иши ачылып, «Улан» ишканасынын директору УКМКнын убактылуу абак жайына камалды.

Эл аралык «Дастан» корпорациясы мамлекеттик ишкана болуп саналат. Советтер Союзунун убагында Аскер-деңиз флотунун жабдууларын, курал-жарак чыгарчу.

Азыркы тапта электрондук аппараттарды, медициналык техника каражаттарын чыгарып жатканы расмий сайтында жазылган. (BCh)

XS
SM
MD
LG