Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:27

Депутат Жумалиев Финполициянын башчысы Жапыкеевди сотко берерин билдирди


Сыймык Жапыкеев (сол жатка), Кубанычбек Жумалиев (оң жакта).
Сыймык Жапыкеев (сол жатка), Кубанычбек Жумалиев (оң жакта).

Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) башчысы Сыймык Жапыкеевди сотко берерин билдирди. Жумалиев бардык мүлкүнө мыйзам чегинде ээ болгонун айтып, укук коргоо органдарынын текшерүүсүн мыйзамсыз деп эсептейт.

«Азыркы бийликтин аброюн кетирген Жапыкеев деп айта алам. Анткени жок жерден эле «кустурам» дейт. Прокурор эч качан антип айтпашы керек. «Мыйзам ченемдүү таптык, жоопко тартылат» деп айтышы керек. Мындай мыйзамсыз кадам бүгүнкү бийликтин аброюна жакшылык алып келбейт. Мен мамлекеттик кызматта иштеп жүргөндө бир да мыйзамсыз баюуга бизнеске иштеген эмесмин. Анткени мен мыйзамды уккан кишимин. Азыр сотко берүүгө жактоочулар даярданып жатат», - деди Жумалиев.

Эл өкүлү Финансы полициясы жалпы ага жана жакындарына таандык 61 ишкананы текшерип, алардын арасынан бир компания 274 миң сом салык төлөнбөгөнү аныкталганын айткан. Жумалиев ал салык төлөнгөнүн билдирди.

4-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин «Таатан», «Гоин» соода борборлорунда жана ага таандык менчик жогорку окуу жайында тинтүү жүргүзгөн. Тинтүү жөнүндө толук маалымат берилген эмес.

Бишкектин Ленин райондук соту 6-августта Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиевдин Сыймык Жапыкеевге карата жазган арызы боюнча чечим чыгарган. Депутаттын пайдасына Жапыкеевден 10 миң сом компенсация өндүрүлө турган болгон.

Жапыкеев ага дейре Кубанычбек Жумалиевди мыйзамсыз байыган деп кескин сындап, мүлкүн текшерүүнү талап кылууга коомчулукту үндөгөн. Жумалиев «мамлекеттик кызматта иштеп турганда коррупциялык иштерге аралашкан эмесмин, байлыгымды адал жол менен тапкам» деп жооп кайтарган. «Ар-намыска шек келтирди» деген негизде ал Жапыкеевди сотко берип, андан 10 миллион сом өндүрүүнү өтүнгөн.

Ички иштер министрлиги Жапыкеевдин билдирүүлөрү боюнча «Жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырык» деген берене менен, ал эми Финансы полициясы Жумалиевге карата «Мыйзамсыз баюу» беренесинин негизинде териштирүү жүргүзүп жатканы маалымдалган.

Кубанычбек Жумалиев 1998-2004-жылдар аралыгында транспорт жана байланыш министри, премьер-министр болуп иштеген. 2015-жылы «Бир Бол» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңешке депутат болгон.

Учурда Финполду премьер-министр Садыр Жапаровдун буйругуна ылайык Сыймык Жапыкеев башкарып жатат. (TSh)

XS
SM
MD
LG