Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:13

Штаб: Нарын облусу коронавирус эң аз катталган аймак болуп турат


Нарындагы облустук оорукана, кызыл зона.
Нарындагы облустук оорукана, кызыл зона.

Нарын облусунда 5-ноябрга карата COVID-19 вирусу алты кишиден табылды. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөш боюнча республикалык штаб маалымдады.

Аймактардын ичинен Нарын жергеси азыркы тапта вирус эң аз аныкталган облус бойдон калууда. 151 адам менен Бишкек шаары азыр биринчи орунда, андан кийин 101 киши менен Чүй облусу турат.

Ош жана Жалал-Абад облустарында да вирус күчөп жатат. Бир суткада 535 кишиде коронавирус аныкталып, жалпы ооругандар марттан бери 61 309 адам болду. Алардын 52 343ү айыкты. 1167 киши каза болду.

Саламаттык сактоо министрлиги буга токтобогон той-топурлар менен элдин массалык чогулуусу, санитардык нормалардын сакталбай жатканы себеп болуп жатканын билдирүүдө. Оксфорд университетинин божомолу боюнча Кыргызстанда жыл соңуна чейин коронавирустан төрт миңдей киши көз жумушу мүмкүн. (BCh)

XS
SM
MD
LG