Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Ноябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:44

Евробиримдик Лукашенкого жана 14 беларус аткаминерине каршы санкция жарыялады


Александр Лукашенко.
Александр Лукашенко.

Европа Биримдигинин элчилери Беларустун президенти Александр Лукашенкого жана августтагы президенттик шайлоонун жыйынтыгын бурмалоо үчүн шектүү болгон 14 беларус аткаминерине каршы санкция жарыялоо тууралуу чечим кабыл алышты. Аларга Евробиримдиктин аймагына кирүүгө тыюу салынып, активдери камакка коюлат.

Уюмдун бул тууралуу чечими 6-ноябрда расмий жарыяланары айтылды.

Баш калаа Минскиде жана башка ири шаарларда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болуп чыккан элдин митингдери 9-августтан бери уланууда. Шайлоодо азыркы башчы Лукашенко жеңгени жарыяланган. Бирок митингчилер добуш берүүнүн жыйынтыгы бурмаланган деп эсептеп, анын кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Батыш өлкөлөрү Лукашенконун легитимдүүлүгүн тааныган жок. Буга чейин Европа он чакты беларус саясатчысына каршы санкция киргизген. (RK)

XS
SM
MD
LG