Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:23

Оштон Москвага уча албай калгандар нааразылык билдиришти


«Ош» эл аралык аэропортунда жайгашкан «S7 airlines» компаниясынын кеңсесинин алдына топтолгон жүргүнчүлөр.
«Ош» эл аралык аэропортунда жайгашкан «S7 airlines» компаниясынын кеңсесинин алдына топтолгон жүргүнчүлөр.

3-ноябрь күнү «Ош» эл аралык аэропортуна уча албай калган бир нече жүргүнчү нааразылык билдирип чыкты. Алар аэропорт кызматкерлеринен учууга уруксат берүүсүн талап кылышты.

Жүргүнчүлөр 4-ноябрь күнү таңкы саат 07:30да «S7 airlines» жеке авиакомпаниясы уюштурган рейс менен Оштон Москвага учмак. Компаниянын Оштогу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кыргызстандан уруксат ала албаганы үчүн билеттерди кайтарып алууга аргасыз болгонун түшүндүрүштү.

«Авиакомпания Кыргызстандан учканга уруксат ала албай калды. Ошондуктан буга чейин уюштурулган рейстерди кайтарууга аргасыз болдук. Бир-эки күндөн бери эле сатыла баштаган. Буга чейин кеңири сатылган эмес», — деди компаниянын Оштогу өкүлү «Билет.kg» агенттигинин кызматкери Айдана Эмилбек кызы.

«S7 airlines» — Орусиялык ири жеке авиакомпаниялардын бири. Учактары жалпысынан 26 өлкөнүн 181 шаарына каттайт.

Учурда Москвага Бишкектен жумасына бир күн учак каттап жатат. (DU)

XS
SM
MD
LG