Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:56

Гемодиализдин сапатына нааразы бейтаптар пикетке чыгышты


Ош шаарында гемодиализ алган бейтаптар.
Ош шаарында гемодиализ алган бейтаптар.

4-ноябрда Кыргызстанда жасалма бөйрөк жабдуусунан алып жаткан дарылануунун сапатына нааразы ондогон бейтаптар Саламаттык сактоо министрлигинин алдына пикетке чыгышты. «Гемодиализ бейтаптары» бирикмесинин төрайымы, эксперттик кеңештин мүчөсү Санабар Матанова мамлекет менен гемодиализ кызматын көрсөткөн жеке компаниянын ортосундагы келишимге нааразы болуп жатышканын «Азаттыкка» билдирди.

«Жасалма бөйрөк жабдуусунда өлкө боюнча 1800 киши дарыланып турат. Саламаттык сактоо министрлиги 2017-жылы тендер жарыялап, андан германиялык «Френзеус» компаниясы жеңип чыгып, 2019-жылдан тартып гемодиализ менен дарылоо мамлекеттик-менчик формада, аталган немис компаниясынын медициналык борборлорунда жүргүзүлө баштаган. Бирок келишимде бир топ мыйзам бузуу, коррупциялык схемалар бар. Гемодиализди сапаттуу ала албай жатабыз. Ага кезекке турган 120дай киши четинен каза болуп калып жатат», - деди Матанова.

Чогулгандарды министрликтин кызматкерлери имараттын ичине киргизип, жооптуу кызматкерлер менен жолугушуу болуп жатканы маалым болду.

Кыргызстанда 2020-жылдын июнь айындагы эсеп боюнча 1691 адам бюджеттин эсебинен гемодиализ алат.

Анын ичинен 1408 кишинин дарылануусун Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду каржылайт. Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоору 283 бейтаптын чыгымын мойнуна алган. (BCh)

XS
SM
MD
LG