Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:22

Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин төрагалык кызматын өткөрүп берерин жарыялады


Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин төрагасы.
Канатбек Исаев, Жогорку Кеңештин төрагасы.

Жогорку Кеңештин төрагасы Канатбек Исаев 4-ноябрдагы парламенттин жыйынында алдыдагы президенттик шайлоого «Кыргызстан» партиясынын атынан талапкерлиги көрсөтүлүп жаткандыктан, бул кызматын тапшырып берүүнү чечкенин айтты.

«Азыркы тапта Садыр Жапаров эбегейсиз бийлик рычагдарына ээ болуп турат. Бирок ал расмий билдирүү жасап, алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Мындай шартта президенттин милдетин кайра Жогорку Кеңештин төрагасы аткарышы керек. Төрага аткарбаса, биринчи вице-премьер-министр президенттин милдетин аткара албайт. Саясий туңгуюкка кабылганы турабыз. Ушундан улам мен төрагалык кызматты тапшырып берүүнү чечтим», - деди Исаев.

Канатбек Исаевди төрагалыктан кетирүү боюнча парламентте кол топтоо жүрүп жатканы тууралуу өткөн жумада маалымат тараган.

Кыргызстанда 4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийинки окуялар бийликтин алмашуусуна алып келген. Канатбек Исаев парламент төрагасы болуп 13-октябрда, Садыр Жапаров премьер-министр болуп 14-октябрда парламентте шайланган.

15-октябрда Сооронбай Жээнбеков президенттиктен кеткен соң Канатбек Исаев мамлекет башчылыкты аткаруудан баш тартып, премьер-министрлик жана президенттин милдетин аткаруучу кызматтарды Садыр Жапаров аткарып калган.

Президенттин милдетин аткарып жаткан өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттик шайлоого катышаарын мурда жарыялаган. (BCh)

XS
SM
MD
LG