Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:03

Бир суткада коронавирус 495 кишиден табылды, төртөө каза болду


Вирус күчөдү.
Вирус күчөдү.

Акыркы суткада коронавирус илдетине кабылган төрт киши каза болду. Алардын үчөө Бишкектин, бирөө Баткен облусунун тургуну болушкан. Бул тууралуу Коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб кабарлады. 4-ноябрга карата COVID-19 оорусу 495 кишиден аныкталды. Илдетке чалдыккандардын көпчүлүгү Бишкек шаарында, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарында катталууда.

Маалыматка караганда илдетке чалдыккандардын ичинен 527 киши сакайып чыкты.

Саламаттык сактоо министрлиги октябрь айында митингдердин, чогулуштардын, той-топурлардын көптүгү, сасык тумоонун күчөшү менен COVID-19 вирусу да арбыганын билдирип, элди санитардык нормаларды сактоого чакырууда.

Октябрдын ортосунан тарта 118 ыкчам кеңеш берүү кызматы жана көчмө бригадалар иштеп, айрым ыктыярчылар медициналык жардам берүүнү баштады.

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 60 774 адам болду, каза тапкандар - 1163 киши. (BCh)

XS
SM
MD
LG