Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:15

Кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов ойногон «Кайрат» Казакстандын чемпиону болду


Гүлжигит Алыкулов.
Гүлжигит Алыкулов.

Алматы шаарынын «Кайрат» футбол клубу Казакстандын чемпиону болду. Кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкулов ойногон клуб премьер-лигадагы командалар арасында алтын байге алып, 16 жылдан кийин кайрадан өлкө чемпиону аталды. Аталган клуб 3-ноябрда Чымкенттин «Ордабасы» командасын 3:1 эсебинде жеңип алды. 44 упай топтоп көч башын жетектеген «Кайраттын» алдыда дагы үч оюну бар.

Соңку алты жыл бою биринчиликти алдырбай келе жаткан «Астана» футболдук клубу «Тобол» жана «Ордабасы» клубдары менен экинчи орун үчүн ат салышат. Алдыда төрт оюну бар «Тобол» 29 упай менен азырынча 2-орунда келе жатат. 27 упай топтоп, 3-орунда келе жаткан «Астана» дагы төрт оюнга чыгат. Дагы үч беттеши бар «Ордабасы» азырынча 27 упай менен 4-орунда бара жатат.

«Кайрат» футболдук клубу ушуну менен экинчи жолу өлкө чемпиону аталды. Бул команда буга чейин Казакстандын премьер-лигасында 2004-жылы жеңишке жеткен. Бул лигада 12 клуб чемпиондук үчүн ат салышты.

Кыргызстандын мыкты футболчусу, Казакстандын «Кайрат» клубунда ойногон 19 жаштагы Гүлжигит Алыкулов - Европа лигасында гол киргизген алгачкы кыргызстандык. Буга чейин Түркия менен Беларуста ойноп келген Гүлжигитке күйөрмандар «Кыргыздын Мессиси» деп каймана ат койгон.

Быйыл 27-августта «Кайрат» клубу UEFAнын Европа лигасында армениялык «Ноа» клубу менен беттеш өткөрүп, 4:1 эсебинде жеңишке жеткен. Беттештеги алгачкы голду Алыкулов киргизген. Мунун менен ал УЕФА мелдештеринде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу аталган. (RK)

XS
SM
MD
LG