Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:17

Коронавирустан дагы төрт адам каза болду, 400 кишиден жаңы табылды


Коронавирус октябрь айынан бери күчөп жатат.
Коронавирус октябрь айынан бери күчөп жатат.

3-ноябрга карата бир күндө коронавирус жугузуп алган 400 киши аныкталды. Март айынан бери Кыргызстанда коронавируска чалдыккандар 60 279 адамга жетти.

Коронавируска каршы күрөш боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, вирустан акыркы бир суткада дагы төрт киши каза болду. Алардын экөө Бишкекте, экөө Баткенде. Марттан бери вирустун курмандыктары расмий эсеп боюнча 1159 адам болду.

Вирус эң көп баш калаа Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облусунда тарап жатат. Бир сутка ичинде 547 киши сакайып чыкты. Жалпысынан өлкө боюнча бул оорудан 51 288 адам айыкты. Азыркы тапта стационарда 3367 бейтап дарыланууда.

Ал эми медициналык кызматкерлердин арасынан дагы беш кишиден вирус чыкты. Дарыгерлер вирус Кыргызстанда октябрдын башынан бери улам күчөп бара жатканын айтып жатышат. (BCh)

XS
SM
MD
LG