Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:48

Митингде жарадар болгон адам комадан чыкты


Комада жаткан жигитти саламаттык сактоо министри көрдү.
Комада жаткан жигитти саламаттык сактоо министри көрдү.

5-октябрда башталган массалык башаламандык учурунда катуу жарадар болуп, комада жаткан 24 жаштагы жигит эсине келди. 2-ноябрда аны саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев барып көрдү.

Жарадар жигит Бишкектеги травматология, ортопедия илим изилдөө институтунда дарыланып жатат. Мекеменин директору Сабырбек Жумабеков бейтап комадан чыкканы менен саламаттыгын калыбына келтирүү узакка созуларын маалымдады.

Митингдерден кийинки башаламандыктан жабыркаган дагы жети киши ооруканада дарыланууда.

5-6-октябрдагы массалык башаламандык учурунда 1250 адам жабыркап, 279 киши ооруканага жаткырылган. Милиция менен элдин кагылышуусу маалында 19 жаштагы Үмүтбек Алтынбек уулу кулак тундуруучу жардыргыч жарылганда катуу жараат алып каза болгон. (BCh)

XS
SM
MD
LG