Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:52

Бектур Асанов президенттикке талапкер болууга арыз тапшырды


Бектур Асанов.
Бектур Асанов.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бектур Асанов президенттикке ат салышуу үчүн Борбордук шайлоо комиссиясына арыз берди. Саясатчы өзүн-өзү көрсөттү. Бул тууралуу Боршайком кабарлады.

51 жаштагы Бектур Асанов мурдагы эки бийликке тең сын айткан оппозициялык саясатчы катары белгилүү. Ал Алмазбек Атамбаевдин бийлигинин тушунда 2016-жылы бир нече саясатчы менен кошо бийликти басып алууга аракеттенген деген айып менен кармалган. Иш райондук, шаардык соттордо каралып, алар 12 жылдан 20 жылга чейин кесилген. Жогорку сот алардын ишин 2017-жылы 7-июнда карап, күнөөлүү деп таап, Асановдун жаза мөөнөтүн сегиз жыл кылып кыскарткан. 2019-жылы 1-январдан баштап күчүнө кирген жаңы кодекстерге ылайык жаза мөөнөтү дагы кыскарып, 12-февралда Асанов эркиндикке чыккан.

Жакында эле «Саясий туткундарды коргоо комитети» саясий куугунтукка кабылгандардын жалпы акталышын талап кылып, алардын арасына Асановду да кошкон.

31-октябрда Назарбек Нышанов, Кубан Чороев жана Арстанбек Абдылдаев президенттик шайлоого катышуу ниетин билдирип, Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арыз берди. БШК билдиргендей, үч жаран тең өзүн-өзү көрсөткөн. 30-октябрда «Бүтүн Кыргызстан» партиясынын лидери Адахан Мадумаров да президенттик шайлоого катышуу үчүн БШКга арыз берген. Саясатчы партиянын атынан эмес, өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен баратканын билдирген.

Кыргызстанда 4-октябрда кезектеги парламенттик шайлоо өтүп, анын жыйынтыгына нааразы болгон он чакты саясий партия 5-октябрда Бишкекте митинг өткөргөн. Митинг башаламандыкка айланып, кийин бул окуя бийликтин алмашуусуна алып келген. Азыр президенттин милдетин башаламандык убагында тарапкерлери түрмөдөн бошотуп алган премьер-министр Садыр Жапаров аткарып жатат.

Жапаров президенттик шайлоого катышарын 26-октябрда жарыялаган. Ал БШКга арыз бере элек.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону келерки жылдын 10-январына белгилеген. (TSh)

XS
SM
MD
LG