Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Баткен: Жапаровдун эл менен жолугушуусу эки миң кишилик стадиондо өтүп жатат


Стадионго чогулган эл, 2-ноябрь, 2020-жыл.
Стадионго чогулган эл, 2-ноябрь, 2020-жыл.

Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен шаарындагы стадиондо жолугушуу өткөрүп жатат. Ага жүздөгөн жергиликтүү тургундар катышууда.

Садыр Жапаровдун жолугушуусу өтүп жаткан Баткен шаарындагы стадион эки миң орундуу. «Азаттык» радиосунун Баткендеги кабарчысынын айтымында, эл стадионго жык-жыйма чогулду.

Баткенде азыркы тапта эпидемиологиялык абал кооптуу деп бааланууда. Акыркы маалыматтар боюнча коронавирус аймакта күчөп, 1-ноябрда үч киши кайтыш болгон. Ал эми 2-ноябрда Баткенде бир киши каза тапты. Кыргызстандагы эпидемиологиялык абалга байланыштуу адамдын көп чогулуусуна тыюу салынган.

2-ноябрда Баткенге барган Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров буга чейин Бакай айылына жакын Көк-Таш - Ак-Сай - Тамдык жолунун курулуш иштери менен таанышты.

Садыр Жапаров 10-январдагы президенттик шайлоого катыша турганын жарыялаган. (AiA)

XS
SM
MD
LG