2-ноябрда Ысык-Көл районундагы айрым мектептердин, бала бакчалардын жетекчилери жана мугалимдер райондук акимиаттын алдына нааразылыгын билдирип чыгышты. Алар 20-октябрда мурда ээлеген кызматына кайра кайтып келген райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Дамира Абированын жетекчилигине каршы экенин айтып чыгышты. Бостери айылындагы Хасан Жээнбаев мектеп-лицейинин директору Жаныш Сулайманов буларды айтты:
«Биз Дамира Абированын жетекчилиги алдында иштедик. Ал көпчүлүк учурда комиссия келерин айтып, ага акча чогултуп алчу. Биз унчукпастан ал өтүнүчүн аткарып жүрдүк, бирок мындай улана бербеши керек. Себеби биз тажагандыктан арыз жазып, сотко чейин барганбыз. Бостери айылдык мектеп-лицейи Кыргызстанда биринчилерден болуп ысык тамак долбооруна кирген. Анда Дамира Абирова тендер менен 10 сомдук картөшкөнү 25 сомдон алган, аны сотто далилдеп бердик. 10 жылдан бери тендерден өзү жакын болгон бир гана фирма утуп келет, бул калыстык эмес».
Ал эми Дамира Абирова муну ага каршы атайын уюштурулган иш катары баалады:
«2018-жылдын 22-майында мени жумуштан убактылуу четтетүү тууралуу чечим чыккан. Себеби райондогу айрым мектеп директорлору мени «пара алат», «үстөмдүк кылат» деп арыз менен бир топ жерге кайрылышкан. Бирок 2,5 жылга созулган текшерүүдөн кийин УКМК да, Экономикалык кылмыштарга каршы мамлекеттик кызмат да менин ишимден ката таба албай, жыйынтыгында ушул жылдын 16-августунда мени кызматка кайтып келсин деп министрликке жазган. Мен министрликтин буйругу менен келдим, мыйзам бузган жерим жок», - деди ал.
Чогулгандар менен район акими сүйлөшүп, маселени билим берүү министрине айтарын билдирди. Ал мугалимдерден митингди токтотууну өтүндү. (BCh)