Кыргызстанда 4-октябрдагы элдик толкундоонун шарапаты менен келген жаңы бийлик эл аралык коомчулуктан колдоо издөөдө. Борбор Азиядагы кризиске кептелген өлкөдөгү саясий-экономикалык кырдаалды кантип жөнгө салса болот?
АКШнын Тынчтык институту өткөргөн онлайн талкуу «Kыргызстан: Аягына чыкпаган «ыңкылап». 2020-жылкы толкундоо эмнеси менен айырмаланат?» деп аталат. Ага катышкан чет элдик жана жергиликтүү эксперттердин орчундуу ойлоруна орун берсек.
Соңку 15 жылда саясий системага нааразы болгон калың эл Бишкекте үчүнчү ирет Ак үйдү ээлеп алып, бийликти алмаштырды. Башаламандык өкүм сүрүп турган жагдайда президент Сооронбай Жээнбеков кызматын тапшырса, саясий күчтөр бийлик талаш менен алек болду.
Бийликти мындай жол менен оодарып түшүүнү адатка айланткан Кыргызстанда 2005-жылдан бери демократиялык өзгөрүүлөрдү эңсеп чыккандардын толкуну авторитаризмге ыктоо менен басаңдайбы? Бул жолу саясий бийликти колго алгандар мурдатан белгилүү болсо да алардын ар бир кадамына кылдат байкоо жасап, саресеп салып туруу өтө маанилүү.
28-октябрда Вашингтондогу Тынчтык институту өткөргөн талкууга катышкандар Кыргызстанда саясий бийликтин алмашуусу жана андан кийинки окуялар Борбор Азия чөлкөмүндөгү туруктуулукка кандай таасир этерин талдашты.
Анда сүйлөгөн эксперттер Бишкекте бийлик алмаштырууга уюшкан кылмыштуу топтордун аралашканына, жаштардын жапырт мобилизациясына, социалдык тармактардын жана COVID-19дун таасирине көңүл бурушту.
АКШ криминалга каршы күрөшкө чакырды
АКШ Кыргызстанга шайлоо өткөрүүгө жана коронавируска карашы күрөшүүгө көмөктөшөт. Бул тууралуу мамлекеттик катчынын Түштүк жана Борбордук Азия боюнча жардамчысынын биринчи орун басары Жонатан Хеник талкуу маалында айтты:
«Биз Кыргыз Респбуликасынын эгемендигин жана башкаруунун демократиялык формасын колдойбуз. Кыргыз эли демократиялык келечегин, өкмөттүн түзүмүн, кантип жана качан шайлоо өткөрүүнү өзү чечет. Президенттик шайлоо 10-январга белгиленди, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Кыргызстандын Конституциясына ылайык, өз ыйгарым укуктарын тапшыруусу керек.
Парламенттик шайлоо 2021-жылы кечирээк болорун билдик, ал шайлоо эркин жана таза өтөт деп үмүттөнөбүз. Кыргызстандын жетекчилиги Конституцияны жана мыйзам үстөмдүгүн сактаганы өтө маанилүү. Кыргызстандын лидерлери уюшкан кылмыштуу топтун саясатка жана шайлоо жараянына таасирин токтотуу үчүн күрөштү улантышы керек. Айрыкча, уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Камчыбек Көлбаев жана Райымбек Матраимовду кармап, жоопко тартуу аракетин колдойбуз».
2012-жылы АКШнын президенти Барак Обама дүйнөдөгү жети эң ири баңгизат королунун бири катары Камчы Көлбаевди «кара тизмеге» киргизген. Эки жылдан кийин Мамлекеттик департамент анын кылмыштуу схемасын ачып бергендерге бир миллион доллар сыйлык жарыялаган.
«Азаттык» радиосу өнөктөштөрү менен Матраимов аралашкан аткезчилик жана акча адалдаштыруу иштеринин айынан 700 миллион доллар Кыргызстандан чыгып кеткенин изилдеп тапкан.
Вашингтондун өкүлү: «Биз кыргыз өкмөтүн коомдук коосуздукту камсыздоо үчүн криминалдык лидерлерди кармап, жоопкерчиликке тартууга үндөйбүз. Кыргыз Республикасынын коңшуларына жана эл аралык өнөктөштөрүнө Кыргызстандын эгемендигин урматтоону эскертебиз», - деди.
Хеник ошондой эле эл аралык коомдун Кыргызстандын жаңы бийлигине карата позициясы демократиялык баалуулуктарды коргошуна жараша болорун баса белгиледи:
«Биз Кыргызстандагы өнөктөштөрүбүз менен такай байланыштабыз. Кошмо Штаттар алдыда өтчү шайлоого, коррупцияга каршы аракеттерди күчөттүүгө жана пандемияга каршы күрөшкө көмөктөшөт. Эл аралык коомчулуктун жогорудагы маанилүү маселелерде колдоосу Бишкектеги жаңы өкмөттүн демократиялык процесстерди колдогон, уюшкан кылмыштуулукка каршы аракеттеринен көз каранды» - деди ал талкууда сүйлөп жатып.
АКШ Кыргызстан эгемендикке жетишкенден бери эки миллиард доллардан ашуун көмөк көрсөттү, анын ичинде быйыл беш миллион долларды COVID-19га каршы күрөшүүгө бөлдү.
Жаңы бийликти тооруган тобокелдиктер
Талкуунун дагы бир катышуучусу, Москва мамлекеттик эл аралык мамилелер институтунун илимий кызматкери Иван Сафранчук азыркы бийлик кыргыз коомундагы бардык күчтөрдүн башын кошо албаса, аягы «жакшылык менен бүтпөй турганын» эскертет:
«Жаңы бийлик эч нерсеге карабай, башка күчтөр менен эсептешпей эле бараткандыктан, кооптуу жагдайлар да ошончолук көп. Жаңы келгендер өз кызыкчылыгына туура келген саясий өзгөртүүлөрдү сунуш кылып, шайлоону жана ага чейинки өнөктүктү өз ыңгайына жараша тездетип жатат. Биз билгендей, башка саясий күчтөрдү жараяндан түртүп салгандын өзү өтө кооптуу. Тарыхтан белгилүү болгондой, кайсы бир маалда «революция өз балдарынын башын жутат». Андыктан жаңы келгендер башкалардын да башын кошуп, кызматташуусу зарыл. Алар жеңүүчүлөр эмес. Бул жерде «жеңүүчүлөр соттолбойт» дей турган жагдай эмес.
Кыргызстанда бийликке келгендер элге, мамлекетке кызмат кылып, өлкөдөгү башка саясий күчтөр менен кызматташуусу абзел. Азыр бийликке келгендер муну аңдайбы же жокпу, эгер аңдаса анда туура жолго түшөбү – ага көзүм жетпейт. Алар «күч атасын тааныбайт» дей берсе, анын аягы жакшылык менен бүтпөйт».
Вашингтондогу Улуттук коргоо университетинин профессору Мария Омеличева парламенттик шайлоодо жана нааразылык акциясынан кийинки башаламандыкта уюшкан кылмыштуу топтордун аралашканына көңүл бурат:
«Уюшкан кылмыштуу топтор саясий башаламандыкта жана социалдык толкундоого такай таасир этип келгени талашсыз деген көз караштамын. Кыргызстандагы соңку окуялар айгинелегендей, кылмыштуу топтор саясатка эки жол менен аралашат. 1) Парламентке келүү үчүн ат салышат; 2) элиталар ортосундагы атаандаштыкты колдонуп, өз максатына жетүү үчүн бийлик вакуумун колдонот.
Башка кыргыз саясатчыларынан айырмаланып, Жапаровдун социалдык медиада ээрчиген калың тобу бар экенин көрдүк. Бирок бул Жапаровдун бардык бийлик бутактарын ээлеп алуусуна өбөлгө боло албайт. Жапаров-Ташиев тандемин бир катар кылмыш лөктөрү жана ашынган улутчул кыймылдар колдоору, алардын өз саясий кызыкчылыктары бардыгы билинип калды».
Кыргызстандагы «Тынчтык куруучу» институтунун негиздөөчүсү Кеңешбек Сайназаров эл аралык өнөктөштөрдүн жүрөгүн өйүгөн бир катар маселелерге көңүл бурду:
«4-октябрдан кийинки окуяда эл адилетсиздикке чыдай албай, жаштарга тилектештик билдирип чыкты. Андыктан азыркы бийлик ачыктык, элдин алдында отчет берүү, мамлекеттик мекемелер эмне иш кылып жатканын жеткиликтүү айтып турушу керек. Андан сырткары бийликтеги коррупция, узурпация деген маселелер байма-бай чыгып жатат. Бул дагы сырткы дүйнөнүн тынчсыздануусун жаратууда.
Ушул тапта өлкөдө саясий бийликтин тең салмактуулуугу деген маселе турат. «Эки тизгин, бир чылбырды» колуна алды, бирок ошол эле маалда башкалар менен эсептешүү болбосо кайрадан эле нааразылык чыгары белгилүү. Эл аралык коомчулук козгогон бирден бир маселе да ушул.
Садыр Жапаров бийликке келгенден бери «мен бардык кыргызстандыктардын лидеримин» деп айтты. Мен мындан ары дагы ал ошол сөзүнө туруп, өз иши менен көрсөтөт деп ойлойм. Эгер бөлүнүп-жаруучулук болсо анда коомдогу популярдуулугун жоготот жана аны эл да көтөрө албайт».
Саясат таануучу Анар Мусабаева Борбор Азиядагы аналитикалык порталга жазган макаласында өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткарып жаткан Садыр Жапаровдун алдында турган милдеттерге токтолот:
Биринчиден, парламенттик шайлоону кыска мөөнөттө таза жана калыс өткөрүү.
Экинчиден, Садыр Жапаров өз тарапкерлерине берген убадасы менен жалпы мамлекет алдында алган жоопкерчилигинин ортосундагы диллеманы чече алабы? Бул ал үчүн өтө олуттуу жана тобокелдиги тоодой болгон сыноо.
Үчүнчүдөн, Садыр Жапаров эл аралык өнөктөштөрдүн ишенимине кире алабы? Бул Кыргызстандын дүйнөлүк аренада будөмүк тарткан беделин оңдоо үчүн өтө маанилүү. Андан сырткары экономиканын солгундашы жана эпидемиянын экинчи толкуну менен күрөшүүгө сырттан жардам керек.
Төртүнчүдөн, Садыр Жапаров саясий плюрализмди сактап, жарандык коомдун ар кыл өкүлдөрүнүн башын кошкон аянтча түзүп, жалпы коомду консолидация кыла алабы?
Эл аралык коомчулук эмне дейт?
АКШдагы Хельсинки Комиссиясы Кыргызстанда эркин жана адилеттүү шайлоо өткөрүүгө, коррупцияга каршы аракеттерди көрүүгө жана адам укуктарын коргоого чакырган билдирүүсүн 28-октябрда таратты.
Комиссиянын төрагасы Элси Л. Хастингс жана тең төрагасы, сенатор Рожер Уикер Кыргызстанды эркин жана калыс шайлоо өткөрүүгө, коррупцияга каршы күрөшүүгө, адам укуктарын коргоого үндөштү.
«Өлкөнү илгерилетүү үчүн бийлик тамырлашкан коррупцияны жоюп, жеке ишкерлерди жана чет элдик инвестицияны коргошу керек. Саясий оппозицияга, укук коргоочуларга жана журналисттерге көрсөтүлгөн кысым жана куугунтуктоолор жөнүндө билдирүүлөр бизди да тынчсыздандырат. Биз Кыргызстанды ушул кыйчалыш маалда адам укуктарын, анын ичинде этностук азчылыктардын укуктарын коргоону камсыздоого чакырабыз», – деп билдирүүдө айтылат.
Анын алдында эле Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Өнүктүрүү программасына кайрылды. Тышкы иштер министрлиги кабарлагандай, кыргыз бийлиги коронавируска каршы күрөшкө жана шайлоо процесстерин жакшыртууга жардам сурады. БУУнун Өнүктүрүү программасы пандемия маалында Кыргызстанга 500 миң долларлык жардам көрсөткөн.
Европа Биримдиги Кыргызстанда санариптешүүгө бөлө турган алты миллион еврону берүүнү 2021-жылга калтырды. Биримдиктин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Жозеп Боррел 15-октябрда билдирүү таратып, «парламенттик демократия жолунда бараткан Кыргызстанда президенттин ыйгарым укуктары премьер-министрге өткөрүлүп берилгени олуттуу суроо жаратууда» деп коңгуроо каккан.
19-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Евробиримдиктин Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Петер Буриан менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Кыргызстандын бюджетин колдоого жардам сураган. Быйыл июль айында Брюссель бюджетти колдоого жана социалдык коргоо тармагына дээрлик 25 миллион евро бөлүп берген болчу.
Бишкекте бийлик кризиси күчөп турган маалда Кремль Кыргызстанга берчү финансылык жардамын «кырдаал турукташканча» токтотту. Былтыр Орусия Кыргызстанга 30 миллион доллар бөлгөн.
23-октябрда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров журналисттин «Москва Бишкекке каржылык жардамын толук жандантабы?» деген суроосуна мындай жооп узатты.
«Евразия фондунун Кыргызстанга 100 млн. доллар жеңилдетилген насыя берүү тууралуу чечими күчүндө, аны эч ким токтоткон жок. Биз Кыргызстандын мурдагы өкмөтү менен болгон макулдашууларды, анын ичинде эң башкысы Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразия фонду бере турган насыяны берүү мөөнөтүн аныкташыбыз керек».
Евразия фонду быйыл Кыргызстанга 100 миллион доллар берүүнү чечкен. Москва фонддун уставдык капиталынын 88% көзөмөлдөйт.
30-октябрда премьер-министр Садыр Жапаров Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэнди кабыл алды. Жапаров Кытай менен кызматташуу Кыргызстандын тышкы саясатындагы артыкчылыкка ээ багыттардын бири болуп саналарын белгиледи.
Элчи Ду Дэвэнь кытай өкмөтүнүн атынан Садыр Жапаровду премьер-министрдин кызматына дайындалышы менен куттуктады. Бээжиндин өкүлү Кыргызстанда иштеп жаткан кытайлык компаниялардын жана ишканалардын коопсуздугун камсыз кылуу маселесине көңүл бурду.
Ушул тапта Кыргызстан өнөктөш өлкөлөр, эл аралык уюмдар менен сүйлөшүү жүргүзүп, алардан жардам сурап жатат. Тышкы иштер министри Казакбаев билдиргендей, коронавирус пандемиясынын экинчи толкунуна каршы күрөшүүгө, президенттик, парламенттик шайлоо менен конституциялык реформаны өткөрүүгө, бюджеттеги 35-50 миллиард сомго чейинки тартыштыкты жоюуга тыштан финансылык жардам керек.