Жаңы бийликти күткөн чоң сыноолор
«Atlantic Council» аналитикалык борбору 28-октябрда Кыргызстандагы соңку саясий окуяларды талдап чыгып, бир катар эксперттердин ой-пикирине орун берди.
«Бурмаланган шайлоодон кийинки элдик толкундоолор бийликтин алмашуусуна алып келип, Кыргызстан ачыгырак демократияга карай чечкиндүү, ошол эле маалда башаламан багыт алгандай көрүнгөн. Бирок жакында эле түрмөдө отурган саясатчы Садыр Жапаров соңку жумаларда бийликти өз колуна топтоого кирише баштагандан бери андай үмүт өчүп баратат. Жапаровдун коррупцияга каршы канчалык жигердүү күрөшөрү, январдагы шайлоо эркин жана калыс саясий атаандаштык маанайда өтөрү белгисиз».
Ушундай ой менен башталган материал «Кыргызстандагы бийлик алмашуу регион жана эл аралык коомчулук үчүн эмнелерди туюндурат?» деген маселеге кайрылган аналитиктердин талдоосу менен толукталган.
Алсак, Ноа Такер «Батыш Кыргызстандагы эркин медианы колдоого тийиш» деген ою менен бөлүштү. Анын айтымында, «эл шайлабаган лидердин парламенттеги жана аткаруу бийлигиндеги жетекчиликти катуу кармап турганы Кыргызстанды опурталдуу жагдайга кептеди».
Бул автор «конституциялык реформа парламентти алсыратып коюшу ыктымал» деп боолгологон. Ошондой эле Жапаровдун бир эле региондон чыккан тарапкерлерине таянган көз карашы «бөлүнүп-жарылууга алып келип, бул өз кезегинде эң жакшы дегенде өкмөттүн кыйрашына же «революцияларга», же болбосо Тажикстан менен Грузия 1990-жылдары башынан өткөргөн жарандык согушка жеткириши ыктымал» деп жазган.
Аналитик саясий өзгөрүүлөргө иликтөөчү журналистика чоң салым кошконун белгилеп, андан аркы оюн «журналисттер, эркин медиа саясий кысымдан жана криминалдык топтордун опузасынан корголушу керек» деп уланткан.
Ариэль Коэн Кыргызстан бийлик вакуумунда жалгыз калды деген пикирин жазган.
«Он күн бою өлкөдө саясий процесске окшогон окуялар менен башаламандык өкүм сүрдү. Баары тынчыганда Сооронбай Жээнбеков Садыр Жапаровго утулуп калды. Жапаровдун тегерегиндеги адамдар коррупцияга малынган же кылмыштуу дүйнө менен байланыштары бар деген сөздөр Москваны сыягы анча кызыктырбайт», - деген автор «Орусия мурдагы президентти жок дегенде кайра шайлоого чейин бийликте кармап калуу үчүн аракет көрө алган жок. Владимир Путин Кремль бийликте добуш берүүгө чейин жана андан кийин ким калса, ошонусу менен иш алып барарын так туюндурду» деп белгилейт.
"Кыргызстанга экономикалык үстөмдүк кылган державага айланган Кытай Бишкектеги башаламандыкка камтамасын билдиргени менен өзгөчө бир кадам жасаган жок", - деп эсептейт Коэн.
«АКШ менен Европа Биримдиги саясий стабилдүүлүк тууралуу сөздөр менен гана чектелишти. Өзбекстан менен Казакстандын кийлигишүүнү актаган эч кандай маанилүү улуттук кызыкчылыгы жок. Ошентип өлкөнүн саясий элитасы бири-бири менен күрөшүп келатат. Бирок Жапаровду бийликти консолидация кылгандан кийин регионалдык жана глобалдык деңгээлде чоң сыноолор күтөт. Ал сыноо ички бийликтин тең салмактуулугун кармап турууга караганда кыйла кыйын болмокчу», - деп жыйынтыктайт Коэн.
Жапаровду ким каржылайт?
«OpenDemocracy» уюму жарыялаган макаланын автору Эндрю Уочтел коррупция маселеси Кыргызстанда өзгөчө курч турганын белгилейт жана Садыр Жапаров «чың дилинен бул көрүнүштү жоюуга белсенсе, бийликти узак мөнөөткө кармап калуу мүмкүнчүлүгү артат», деп жазат.
Жапаров өзү Курманбек Бакиевдин тушунда Коррупцияга каршы агенттикти жетектегенин, бирок клептократиянын пайда болушуна жолтоо боло албаганын эске алганда, анын ниети камтама да жаратарына көңүл бурат.
Анын үстүнө «Жапаров Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди кармап, Матраимовду кайра тез эле үй камагына коё берип чоң шоу уюштурду»,- деп улантат Уотчел.
Автор дагы бир маселени козгоп, Жапаров өзү каржылык колдоону кайдан алат деген суроо салат.
«Адатта качып жүргөн же бир нече жыл түрмөдө отурган адамдарда ошончо көп жалданма бандит чалыш колдоочуларына төлөгүдөй өз акчасы болбойт. Жапаров каржы булактарын азырынча ачык айта элек» дейт Уотчел.
Митингдер коронавирустун жайылышына алып келди
Аналитикалык изилдөө боюнча Борбор Азия бюросу (CABAR) 27-октябрдагы макаласында Кыргызстандагы массалык тополоңдор, митингдерден кийин коронавируска байланышкан абал начарлаганына токтолгон.
Митингдер негизинен башкалаа жана Ошто өткөнүн, Бишкектеги митингдерге Ысык-Көлдөн келгендер катышканы да кабарланганын белгилеген автор, ошондон кийин катталган статистиканы мисал кылган. Ага ылайык, 5-октябрдан кийин, алты күндүк инкубациялык мөөнөттү эске алганда, Бишкекте коронавирус менен ооруп калгандардын бир күндүк көрсөткүчү 42,85 пайызга, Ысык-Көл облусунда 77,8 пайызга, ал эми Ош шаарында 137, Ош облусунда 47,9 пайызга көбөйдү.
Элдин топтолушу илдеттин жайылышына алып келгенин бийлик деле жашырбайт. Бул тууралуу 26-октябрда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да билдирген.
4-октябрдан 28-октябрга чейин Кыргызстанда коронавирусту 10 миңден ашуун киши жугузуп алды. Ушул эле мөөнөттө 5 359 киши айыкты.
Макаланын автору бийлик карантин киргизүүгө тийиш деген пикири менен жыйынтыктаган.