Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Путин: АКШда президенттикке ким шайланса да иштешүүгө даярмын


Владимир Путин «Орусия чакырат» форумунда. 29-октябрь, 2020-жыл.
Владимир Путин «Орусия чакырат» форумунда. 29-октябрь, 2020-жыл.

Орусиянын президенти Владимир Путин АКШда президент болуп ким шайланбасын, иштешүүгө даяр экенин билдирди. Путин бул тууралуу «Орусия чакырат» аттуу инвестициялык форумда сүйлөп жатып билдирди.

«Биз бул нерселерди абдан токтоо жана кадимки тартипте талдап жатабыз. Биз Америка элинин кандай гана чечими болбосун кабыл алабыз жана кайсы гана администрация болбосун иштешебиз. Алар таразалап чечим кабыл алат деп үмүттөнөм».

Владимир Путин АКШдагы президенттик шайлоо жөнүндө кенен пикирин билдирбей турганын айтып, аны «мен эмне деп айтпайын, биздин өнөктөштөр Орусиянын АКШдагы шайлоо жараянына кийгилишүүсүнүн далили катары асылышат», деп түшүндүрдү.

АКШнын атайын кызматы Орусия Кошмо Штаттардагы 2016-жылы өткөн шайлоого кийлигишкен деген жыйынтыкка келген. Анда орусиялык хакерлер Москва Дональд Трампка жан тартканы айтылган. Орус бийлиги бул дооматтарды четке кагып келет.

Бул жолку шайлоодо да орус хакерлери шайлоого кийлигишүүсү мүмкүн деген эскертүүлөр айтылган.

АКШда президенттик шайлоо 3-ноябрда өтөт. Анда Республикалык партиядан учурдагы президент Дональд Трамп жана Демократиялык партиядан мурдагы вице-президент Жо Байден ат салышууда.

XS
SM
MD
LG