Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:25

Кыргызстан Казакстандан акчалай жардам сурады


Руслан Казакбаев.
Руслан Казакбаев.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 29-октябрда Нур-Султан шаарына иш сапары менен барып, Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен жолугушту. Руслан Казакбаев Кыргызстанда кырдаал турукташып калганын айтып, казакстандык инвестициялардын коопсуздугун сактоо боюнча тийиштүү чаралар көрүлөрүн белгиледи.

Тараптар саясий, соода-экономикалык, суу-энергетикалык жана башка тармактар боюнча кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын маалында чогуу аракеттенүүнү макулдашты. Министр Руслан Казакбаев казак тараптан дары-дармек, коргонуучу каражат жагынан көмөктөшүүсүн суранды. Ошондой эле министр казак бийлигинен Кыргызстандын мамлекеттик бюджетин колдоо, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында акчалай жардам берүүнү өтүндү.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев өткөн аптада бюджетти толтурууга Европа Биримдигинен да жардам сураган.

Орусия буга чейин убада кылган 100 миллион доллар жардамын Кыргызстанда 6-октябрдагы окуялардан кийинки туруксуз кырдаал учурунда токтотуп койгону маалым болгон.

Коронавирус пандемиясынан улам 2020-жылы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин киреше бөлүгү 30 млрд. сомго толбой калары кабарланган. Мурдагы өкмөт бул кенемтени толтуруш үчүн эл аралык донорлордон 500 миллион долларга жакын каражат сурап, анын тең жарымынан көбүн алынган. Өкмөт ал каражат бюджеттик кызматкерлердин айлык акыларына, пенсия менен жөлөкпул төлөөгө жумшаларын билдирген.

6-октябрдагы окуялардан кийин Кыргызстанда бийлик толугу менен алмашты. Президент Сооронбай Жээнбеков элдин тынчтыгы үчүн мөөнөтүнөн мурда кызматынан кетти. Анын ордуна алгач өкмөт башчылыкты колуна алган Садыр Жапаров 16-октябрдан бери президенттин милдетин аткаруучу болуп келет. (ZKo)

XS
SM
MD
LG