АКШда сенаторлор тобу Кытай бийлигинин Шинжаңдагы уйгур жана башка мусулмандарга карата аракетин геноцид катары баалаган резолюция сунуш кылды. 27-октябрда жарыяланган документке республикачылар жана демократтар партияларынын мүчөлөрү кол койгон.
Орегон штатынан шайланган демократ-сенатор Жефф Меркли бул резолюция Кытайды БУУнун Геноцид кылмышынын алдын алуу боюнча конвенциясына ылайык жоопкерчиликке тартууга мүмкүнчүлүк түзөрүн билдирген.
«Кытайдын уйгурларга жана башка мусулман азчылыктарынын өкүлдөрүнө карата куугунтугу, аңдуунү күчөтүп, түрмөгө камап, кыйноого алып жана кайра тарбиялоо лагерлеринде мажбурлап кармоо - бул геноцид», - деп билдирген Меркли.
Резолюция Шиңжандагы түрк тилдүү улуттардын өкүлдөрүнө карата куугунтукту токтотуу боюнча эл аралык чараларды координациялоо жараянын баштоону камтыйт. Бирок Сенат АКШдагы президенттик шайлоо өткөнгө чейин жыйынга чогулбаганына байланыштуу резолюция дароо кабыл алынбай калышы мүмкүн.
Бир катар өлкөлөр Шиңжандагы уйгурларды жана башка улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн кысымга алып, «кайра тарбиялоо лагерлерине» камап, өз тили менен маданиятынан баш тартууга мажбурлап жатат деп Кытайды айыптап келет.
Кытайдын бийлиги бул лагерлерди терроризм менен экстремизге каршы «билим берүү борборлору» деп атап, айтылган дооматтарды четке каккан.