Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:37

Дүйшөбаев: Кылмыш дүйнөсү менен аралашкан адамдар жетекчи кызматтарга келип жатат


Кеңешбек Дүйшөбаев.
Кеңешбек Дүйшөбаев.

Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 27-октябрда өткөрүп берген Кеңешбек Дүйшөбаев мындай пикирин «Азаттыктын» «Арай көз чарай» берүүсүндө билдирди. Ал бир нече күн мурун кармалып, үй камагына чыгарылган Райымбек Матраимовдун кармалышын «шоу» деп атап, бүгүнкү күнү жетекчилик кызматка келип жаткандардын арасында кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү менен ымалалаш адамдар бар экенин айтты:

«Буга далилдер социалдык тармактарда жайнап жүрөт. Чогуу спорт менен машыгып, аш-тойлордо кучакташып түшкөн сүрөттөрү толтура. Демек, биздин бийлик кылмыш дүйнөсү менен аралашып кеткен деген дооматтар негиздүү болуп чыгууда».

Программанын дагы бир катышуучусу, өкмөттүк аппараттын башчысы Бакыт Аманбаев Дүйшөбаевдин пикирин четке кагып, аны «так маалыматтарга негизделбеген ушак» деп айтты.

6-октябрдагы окуялардан кийин бийликке келген Садыр Жапаровду саясий оппоненттери криминал менен байланыштырып сындап келишет. Жапаров эч кандай кылмыштуу топтор менен байланышы жок экенин айтып, дооматтардын баарын четке каккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG