Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:37

Министр Казакбаев британ элчиси менен Кыргызстандан мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтарууну сүйлөштү


Улуу Британиянын Бишкектеги элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. 27-октябрь, 2020-жыл.
Улуу Британиянын Бишкектеги элчиси Чарльз Эдмунд Гарретт менен Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев. 27-октябрь, 2020-жыл.

27-октябрда Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Улуу Британиянын Бишкектеги элчиси Чарльз Эдмунд Гарретти кабыл алды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

Гаретт Казакбаевди тышкы иштер министринин кызмат ордуна дайындалышы менен куттуктап, андан аркы ишине ийгиликтерди каалады.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр Руслан Казакбаев Кыргызстандагы саясий кырдаал тууралуу маалымат берип, абал туруктуу экенин, болуп жаткан саясий процесстер укуктук нукка кайткандыгын айтты. Ал мамлекеттик бийликтин бардык бутактары легитимдүү экенин, ал эми бийликтин аткаруу органдары өз ишмердүүлүгүн штаттык режимде улантып жатканын белгиледи.

Тышкы иштер министри Кыргызстандагы демократиялык процесстерди жана мыйзамдын үстөмдүгүн колдоо жөнүндөгү билдирүүсү үчүн Британиянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

Тараптардын ортосунда саясий жана соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Кыргызстан менен Улуу Британиянын товар жүгүртүүсүндө алтын экспортунун чоң көлөмүн эске алуу менен, Улуу Британияга өндүрүмдүн жана товарлардын жеткирилишин диверсификациялоонун зарылдыгына басым жасалды.

Тараптар мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди Кыргызстанга кайтаруу боюнча өз ара аракеттенүү маселесине өзгөчө көңүл бөлүштү.

ТИМ тараткан маалыматта кайсы активдер жөнүндө сөз болуп жатканы айтылган эмес.

Мурдараак Кыргызстандын Башкы прокуратурасы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда мыйзамсыз чыгарылып кеткен активдерди кайтаруу боюнча АКШнын, Британиянын, Швейцариянын, Лихтенштейндин, Кытайдын тиешелүү кызматтары жана бир катар эл аралык уюмдар менен иш жүргүзүлүп жатканын кабарлаган. Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Улуу Британияда жашай турганы белгилүү.

Мурдагы финансы министри Бактыгүл Жээнбаева Бакиевдер чыгарып кеткен каражаттын суммасы 250-300 млн. долларга бааланганын «Азаттыктагы» маегинде билдирген. (ErN)

XS
SM
MD
LG