Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:21

ЖАМК: Атамбаев №47 абакка которулмай болду


Алмазбек Атамбаев, мурдагы президент. Архивдик сүрөт.
Алмазбек Атамбаев, мурдагы президент. Архивдик сүрөт.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин №1 тергөө абагынан №47 колонияга которулмак болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматындагы (ЖАМК) атайын комиссиянын 27-октябрдагы отурумунда ушундай чечим кабыл алынганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган Атамбаев №1 тергөө абагына бир күн мурда которулган. Адвокат Замир Жоошев аны мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү шарты жок камерага отургузушканын, ал ачкачылык акциясын баштаганын, ушундан улам абалы начар экенин айткан.

ЖАМК жактоочунун бул билдирүүсүн четке кагып, мурдагы президент жалпы режимдеги камерага отургузулганын маалымдаган.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин негизинде быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары ал бир адамдын өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түндө тарапкерлери абактан бошоткон Атамбаевди атайын кызмат 9-октябрда Бишкекте өткөн митингдеги башаламандыкка байланыштуу кайра кармап кеткен.

Адвокат Жоошев Атамбаев кылдат жана толук дарыланууга муктаж экенин билдирген. (RK)

XS
SM
MD
LG