Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:46

Адвокат: Атамбаевди №1 тергөө абагынын жертөлөсүнө которушту, ал ачкачылык жарыялады


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагынан Бишкектин №1 тергөө абагына которулду. Бул тууралуу 26-октябрда «Азаттыкка» анын адвокаты Замир Жоошев билдирди.

Анын айтымында, Атамбаевди бүгүн, 26-октябрда УКМКнын тергөө абагынан которуп, мурда өлүм жазасына кесилген кылмышкерлер кармалуучу жертөлөдөгү камерага отургузушту. Ошондой эле адвокат Жоошев А.Атамбаев ачкачылык акциясын баштаганын, ушундан улам абалы начар экенин билдирди.

Маалыматка караганда, мурдагы президент жайгаштырылган жертөлөдө көптөн бери эч ким болбогондуктан, жылуулук жаңы гана берилди, камеранын эшиги ачык, канализациясы иштебейт.

Бул маалыматты расмий такташ үчүн «Азаттык» Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка (ЖАМК) кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматы азырынча бул тууралуу кабары жок экенин, маалымат тактала тургандыгын билдирди.

Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу кылмыш ишинин негизинде быйыл 11 жылга эркинен ажыратылган. Мындан тышкары ал бир адамдын өлүмү менен аяктаган Кой-Таш окуясы боюнча да соттолууда.

Быйыл 6-октябрга караган түндө тарапкерлери абактан бошоткон Атамбаевди атайын кызмат 9-октябрда Бишкекте өткөн митингдеги башаламандыкка байланыштуу кайра кармап кеткен. (RK)

XS
SM
MD
LG