Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:28

Москвада Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери жолугушууда


Казакбаев жана Лавровдун Москвадагы жолугушуусу. 23-октябрь, 2020-жыл.
Казакбаев жана Лавровдун Москвадагы жолугушуусу. 23-октябрь, 2020-жыл.

Москвада 23-октябрда Кыргызстан менен Орусиянын тышкы иштер министрлери Руслан Казакбаев менен Сергей Лавровдун жолугушуусу өтүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Буга чейин айрым маалымат булактары жолугушуу өтпөй калганын жазышкан эле.

Казакбаев Орусияга 22-октябрда барган. Тышкы иштер министрлиги сапардын алкагында Москванын Бишкекке каржылык жардамын жандантуу маселеси талкууланарын маалымдаган. Андан тышкары, туруктуу аба каттамдарын көбөйтүү маселеси сүйлөшүлөт.

Кыргызстандын 15-октябрдан кийин келген жаңы бийлиги менен өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү болуп саналган Орусиянын бийлиги бийик деңгээлде диалог түзө элек.

4-октябрдагы парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына нааразы болгон оппозиция жана жарандык коом 5-октябрда нааразылык акциясына чыгып, кийин ал жапырт башаламандыкка айланып, бийлик алмашуу менен аяктаган. Шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Башаламандык уланып жаткан күндөрдө Орусия каржылык колдоону саясий кырдаал турукташканга чейин токтотконун кабарлаган.

22-октябрда Орусиянын президенти Владимир Путин Кыргызстандагы окуяларды «кыргыз элинин шору» деп баалаган. (SE)

XS
SM
MD
LG