Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:59

Садыр Жапаров: Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат, шайлоолор март айына чейин бүтөт


Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.
Садыр Жапаров, президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр. Сүрөт анын «Фейсбуктагы» баракчасынан алынды.

Кыргызстанда президентти мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана парламентти кайра шайлоо жараяндары келерки жылдын март айына чейин өткөрүлүп бүтөт. Бул тууралу 23-октябрда Садыр Жапаров «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Жапаров кыргызстандыктарга кайрылып: «Эч кам санабаңыздар. Жасалып жаткан иштерибиздин баары элдин кызыкчылыгы үчүн болуп жатат», - деди.

Ошону менен катар ал эл 30 жылдан бери талап кылып, бирок максатына жетпей келген иштер сөзсүз жүзөгө ашырыларын билдирди:

«Сөзсүз ишке ашырылат. Бут тосуу болбосо (катуу бут тосуу болуп жатат) Баш мыйзам эл каалагандай кабыл алынат. Шайлоолор буюрса мартка чейин бүтөт. Парламент июнга чейин олтурбайт. Кечээки мыйзамга «запас» убакыт алалы деп, реформалар июнга чейин бүтүш керек экендигин белгилеп коюшуптур. Кыскасы, парламент июнга чейин олтурат экен деп «паника» болбогула. 30 жылдан бери тили сайрап, бирок колунан эч нерсе келбеген, эч бир алгылыктуу иш жасабаган саясатчыларга ишенбегиле. Баары жакшы болот!».

Кыргызстанда 4-октябрда өткөн кезектеги парламенттик шайлоонун жыйынтыгына байланышкан нааразылык акциялары бийликтин алмашуусуна алып келди жана шайлоонун баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылды. 15-октябрда Садыр Жапаров расмий түрдө президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр болду.

16-октябрда ал Кыргызстанда конституциялык реформаны парламенттик кайра шайлоо өткөндөн кийин гана уюштурса болорун, ал эми президенттик шайлоо тууралуу «10-январдан ары өтпөшү керек экен, анткени 90 күн ичинде болууга тийиш» деп айткан.

21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгиледи.

22-октябрда Жапаров президентти жана парламентти шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу жөнүндөгү мыйзамга кол койгон. Жогорку Кеңеште фракцияларда да, тийиштүү комитетте да, жалпы жыйында да дээрлик бир күндө кабыл алынган бул мыйзамдын зарылчылыгы бир катар жагдайлар, ошондой эле өлкөдөгү түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал менен шартталганы белгиленди.

Конституцияны өзгөртүп, азыркы парламенттик башкаруудан президенттикке өткөрүү боюнча демилгени депутат Каныбек Иманалиев Баш мыйзамды одоно бузуу гана эмес, Кыргызстанды Африканын артта калган өлкөлөрүнүн абалына түшүрүү аракети катары баалады. Саясатчы Адахан Мадумаров азыркы бийликтин аракетин «узурпация» жана «кылмыштуу жол» деп атады. Бир катар коомдук уюмдар «Жасалма референдумга жана бийликти узурпациялоого жол жок» деген кайрылуу жарыялап, шайлоо өткөрүүнүн мыйзамдуу мөөнөттөрүн өзгөртүүгө каршы биригүүгө үндөштү. (RK)

XS
SM
MD
LG