Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:46

НАТО Германиянын аймагына жаңы космос борборун курууну көздөйт


Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы. Белгия. 21-октябрь, 2020-жыл.
Йенс Столтенберг, НАТОнун баш катчысы. Белгия. 21-октябрь, 2020-жыл.

Түндүк Атлантикалык Альянска кирген өлкөлөрдүн коргоо министрлери бул маселени ушул аптада талкуулашат. НАТО Орусия менен Кытайдын агрессивдүү мамилесинен улам Германиянын түштүк-батыш тарабына жаңы космос борборун курууну көздөп жатканын билдирүүдө.

22-октябрда башталган жыйынды утурлай альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг борбор Рамштайнда, Франциянын чек арасына жакын жерде жайгашып, НАТОнун дүйнө жүзүндөгү жандооч байланыштарына жана аскер операцияларын башкарууга көмөктөшөт.

«НАТО бардык аймактарда, анын ичинде космосто да ыңгайлашууну улантууда. Айрым өлкөлөр, алардын ичинде Орусия менен Кытай түрдүү системаларды иштеп чыгып жатышат. Алар жандоочторду системадан чыгарып, бузуп же көрүнбөс болуп алуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ», - деди Столтенберг.

Жерди айланып 2000дей жандооч учуп жүрөт. Алардын басымдуу бөлүгүн НАТОнун курамындагы өлкөлөр мобилдик байланыштан тартып, аба ырайын билүүчү кызматка чейин иштетишет. Ушул тапта Түндүк Атлантикалык Альянстын кеминде 40% байланышы жандооч аркылуу жүрөт.

XS
SM
MD
LG