Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:52

Жогорку Кеңеш парламенттик шайлоону Конституцияны өзгөрткөндөн кийин өткөрүүгө макулдук берди


Кыргызстандын Баш мыйзамы.
Кыргызстандын Баш мыйзамы.

22-октябрда Жогорку Кеңештин депутататтары Конституцияны өзгөртүү жана президенттик, парламенттик шайлоолордун мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө мыйзам долбооруна бир ооздон макулдук берди. Добуш берүү ачык жүрүп, 84 депутаттын 83үнүн макулдугу менен мыйзам долбоору үч окууда кабыл алынды.

Конституцияны өзгөртүү, президенттик жана парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна 22-октябрда келип түшкөн.

Айрым депутаттар бул мыйзам долбооруна каршылыгын билдирип, "бийликти бир кишинин колуна берүү аракети" деп баалашса, демилгечилер бул мыйзам долбоорун жазууда Конституциянын бир да нормасы бузулбаганын айтышты.

Мыйзамдын негиздемесинде жазылгандай, аны иштеп чыгууга 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодон кийин түзүлгөн коомдук-саясий кырдаал себеп болду.

Негиздемеде азыр Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) иши токтоп турганы, Жогорку Кеңештин ишин калыбына келтирип, имаратын оңдоо зарыл экендиги эске салынды. Мамлекеттик бюджеттеги тартыштык 36 миллиард сомдон ашып турганы жана коронавирустун экинчи толкунуна даярдык үчүн чыгымдар бар экени, шайлоодон кийинки окуялар боюнча чыгым 450 миллион сом болгону жазылды.

Кырдаалды жөнгө салганча президентти мөөнөтүнөн мурда жана парламенттик кайра шайлоону токтото туруп, конституциялык реформа жүргүзүү зарыл экени белгиленди.

Сунуш кылынып жаткан мыйзам долбоорунда Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү аркылуу жүргүзүлө турган конституциялык реформа 10-январга чейин аяктай турганы, парламенттик кайра шайлоо ошондон кийин гана, бирок 1-июндан кечиктирилбестен өтүшү зарыл экени айтылды.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо 10-январда же 17-январда өтөрүн билдирген.

Депутат Талант Мамытов Конституцияны өзгөртүү тууралуу да, шайлоо мыйзамындагы мөөнөттү токтото туруу жөнүндө да долбоорлор боюнча талкуу бардык депутаттардын, коомчулуктун катышуусу менен өтөрүн айткан.

Депутат Алтынбек Сулайманов депутаттар мамлекеттик башкаруунун толук парламенттик, толук президенттик же аралаш формасын тандоо тууралуу өзгөртүүлөрдү Конституцияга сунуш кылып жатышканын маалымдаган.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң БШК анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарып, кайра шайлоону 20-декабрга белгилеген. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG