Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:56

Шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоору 2-3-окуудан кабыл алынды


Жогорку Кеңештин отуруму. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы. Бишкек шаары. 13-октябрь, 2020-жыл.
Жогорку Кеңештин отуруму. «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясы. Бишкек шаары. 13-октябрь, 2020-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун парламент экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Мыйзам долбооруна депутаттар ачык добуш беришти, дээрлик бир добуштан кабыл алынды.

Добуш берүүнүн алдында долбоордун демилгечилеринин бири, «Бир Бол» фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов депутаттардын суроолоруна жооп берди.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эрежелерин өзгөртүү тууралуу мыйзам долбоорун депутаттар Жанарбек Акаев, Мирлан Жээнчороев, Айсулуу Мамашева, Абдувахаб Нурбаев жана Алтынбек Сулайманов иштеп чыгышкан.

Өзгөртүлгөн мыйзамга ылайык Кыргызстанда парламентке өтүүнүн шайлоо босогосу азыркы жети пайыздан үчкө, шайлоо күрөөсү азыркы беш миллион сомдон бир миллионго ылдыйлатылат жана форма №2 менен добуш берүү ыкмасы толугу менен жоюлат.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Кийин нааразылык акциясынан соң Борбордук шайлоо комиссиясы анын баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарган. (TSh/ZKo)

XS
SM
MD
LG