Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Акыйкатчы милициянын БШК мүчөлөрүнө кылган мамилесин сындады


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Акыйкатчы Токон Мамытов Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөлөрүнө кылган мамилесин сындады.

Акыйкатчы 22-октябрда билдирүү таратып, күч кызматкерлери өз ишмердигин мыйзам чегинен чыкпай аткарууга тийиш экенин белгиледи.

Мамытов БШК ишмердиги мыйзамдар менен даана көрсөтүлгөн конституциялык орган экенин кошумчалап, БШКнын ишине кийлигишкендер Жазык кодексинин негизинде жоопко тартыларын эскертти.

Ушундай эле өңүттөгү билдирүүлөрдү «Таза шайлоо», «Общее дело» жана «Эгль» уюмдары да таратты.

21-октябрда ИИМ кызматкерлери БШКнын мүчөлөрүн күбө катары суракка алып кетүүгө аракет кылган. Милиция муну 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин чыккан башаламандыкка байланыштуу экенин айткан. Бул окуя жарандык коомдун, айрым саясатчылардын сынына кабылган. Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев мыйзамсыздык тууралуу айтылган соң ИИМ БШК мүчөлөрүнө «кысымын токтотконун» «Фейсбукка» жазган. (SE)

XS
SM
MD
LG