Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:24

Чехияда пандемияга байланыштуу чектөөлөр күчөтүлдү


Прага шаары. Октябрь, 2020-жыл.
Прага шаары. Октябрь, 2020-жыл.

Чехиянын өкмөтү коронавирус менен ооругандар көбөйгөнүнө байланыштуу карантиндик чектөөлөрдү күчөттү. Премьер-министр Андрей Бабиш 21-октябрдагы басма сөз жыйынында билдиргендей, айрым соода борборлору жабылат, адамдардын ары-бери чыгышына чектөө киргизилет.

«Биз элдин өмүрүн сактап калышыбыз керек», деди Бабиш.

22-октябрдан тартып киргизилген чектөөлөр кеминде 3-ноябрга чейин созулат.

Бул чечим 20-октябрь күнү Чехияда бир суткада 11 984 адам коронавируска кабылганы тууралуу маалымат чыккандан кийин кабыл алынууда. Бул пандемия башталгандан берки рекорддук көрсөткүч.
Акыркы жумада оорудан көз жумгандар көбөйгөнү, бейтапканаларда орундар COVID-19 вирусу менен ооругандарды дарылоо максатында бошотулуп жатканы кабарланды.

Саламаттык сактоо министри Роман Примула коронавируска чалдыккандардын жаңы рекорддук көрсөткүчү 11-ноябрда болору болжолдонуп жатканын айтты.

Апта аягында Чехиянын борбору Прагада карантиндик чектөөлөргө каршы нааразылык акциясы өтүп, аягында полиция менен демонстранттар кагылышкан. Футбол жана хоккей фанаттары оюндарды ачык өткөрүүнү талап кылып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG