Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:47

Жарандык активист БШК төрайымынын кызматтан кетишин талап кылды


Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте «Азаттыктын» кеңсесинин алдында. 21-октябрь, 2020-жыл.
Өндүрүш Токтонасыров Бишкекте «Азаттыктын» кеңсесинин алдында. 21-октябрь, 2020-жыл.

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетишин талап кылып, «Азаттыктын» Бишкектеги кеңсесинин алдына пикетке чыкты.

Токтонасыров «БШК шайлоочулардын укугун тебеледи», «БШК саясий орган болбосун», «БШК кайра шайлоо өткөрүүгө акысы жок» деген өңдүү жоон топ чакырыктар жазылган кагаздарды көтөрүп турду.

Анын пикиринде, 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоону БШК калыс өткөрө алган жок. Шайлоодогу мыйзамсыздык үчүн бийлик менен катар БШКнын жана анын жетекчисинин да жоопкерчилиги чоң.

«Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров БШКдагы төрт өкүлдү чакыртып алары маалымдалды. Төрт өкүл эле эмес, БШКнын төрайымы жана калган мүчөлөрү кызматтан кетип, бул орган толугу менен жаңыланышы керек», - деди Токтонасыров.

Жогорку Кеңештин 21-октябрдагы сессиясында спикер Канатбек Исаев президенттин милдетин аткарып жаткан премьер-министр Садыр Жапаров БШКнын президенттин квотасы менен шайланган төрт мүчөсүн чакыртып алуу жөнүндө парламентке кат жөнөткөнүн билдирген.

БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен парламент, президент жана жарандык коом көрсөтөт.

4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийин нааразылык акциялары өтүп, анын баштапкы жыйынтыгы жокко чыгарылган. Шайлоонун мындай жыйынтыгы үчүн Боршайкомдун дарегине да сын айтылууда. Бирок БШК шайлоонун таза өтүшүнө жалгыз өзү жооптуу эмес экенин билдирүүдө. Буга чейин БШКнын мүчөсү Атыр Абдрахматова ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу арызын жазган.

Боршайком 21-октябрдагы жыйынында парламенттик кайра шайлоону 20-декабрга белгиледи. (NT)

XS
SM
MD
LG