Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаков Молдовановка айылындагы №27, Бишкек шаарынын экс-мэри Албек Ибраимов Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатышкан. 5-6-октябрдагы тополоңдо алар башка саясатчылар сыяктуу эле абактан чыгып кетишкен.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) бул эки саясатчы жети күндүк өргүүгө чыкканын билдирген. Мыйзамга ылайык, Исаков менен Ибраимовдун өргүүсү 13-октябрда аяктамак. Мекеменин басма сөз катчысы Самат Калыков бир аптанын ичинде алар абакка кайтышпаса издөө жарыяланарын билдирди:
«Биздин мекеме Исаков менен Ибраимовго ушул аптада издөө жарыялайт. Аларды Ички иштер министрлиги жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет издейт. Алардын иши «Абактан качуу» беренеси менен эмес, абакка кайтып келбегени үчүн «Жаза өтөөдөн качуу» беренеси менен каралат».
Мыйзам боюнча абакта отурган адамдар тартип бузбай, жүрүм-туруму үлгүлүү болсо, аларга жети күндүк өргүү берилет. Бул күндөрү аларга жакындары менен жолугуп келүүгө, зарыл иштерин бүтүрүүгө уруксат берилет. Бирок камалгандар белгиленген мөөнөттө абакка кайра кайтышы зарыл. Юрист Нурлан Исмаилов жаза мөөнөтү бүтө электе жазадан качкан адамдарга байланыштуу мыйзамда каралган чараларга токтолду:
«Издөө сот аркылуу жарыяланат. Бул жаза мөөнөтүн аткаруудан баш тартып «абактан качуу» болуп эсептелет. Мыйзамга ылайык, бул кадамды жасаган камактагы адамдын мурунку жаза мөөнөтүнө дагы беш жыл кошулат. Эгер абактан качкан адам Кыргызстандын аймагында табылбаса, КМШ өлкөлөрүндө кылмыш иштери жана жарандык, үй-бүлөлүк иштер боюнча кызматташуу бар. Ушунун негизинде КМШдагы Орусия, Казакстан, Беларус өлкөлөрүнөн изделет. Эгер андан да майнап чыкпаса эл аралык издөө жарыяланат. Аны Интерпол алып барат».
17-октябрда социалдык тармактарда Сапар Исаков Франциядан башпаанек сураганы тууралуу маалыматтар тарады. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева Исаковдун кайда экени тууралуу алардын да, үй-бүлөсүнүн да маалыматы жок экенин билдирип, Исаковдун өзүндө документтери болбогонун айтты:
«Сапар Исаков менен Албек Ибраимовдун кайда экенин билбейбиз. Сапар Жумакадыровичтин жакындары, тарапташтары анын коопсуздугуна кабатыр болуп жатабыз. Анын жанында эч кандай документи жок болчу. Ал эми Франциядан башпаанек сураптыр деген фейк маалымат болушу мүмкүн. Акыркы жолу анын менен 10-октябрда жолуккам».
Быйыл 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту Сапар Исаковду Жазык кодексинин 319-беренесинин («Коррупция») негизинде жалпысынан 18 жылга эркинен ажыратып, 247 650 281 сом айыпка жыккан. Ал күнөөнү моюнга албай, муну саясий куугунтук катары баалап келет.
Ал эми мурдагы мэр Албек Ибраимов былтыр жыл аягында Бишкекте мектеп курулушундагы коррупция үчүн айыпталган. Ошондой эле «Дастан» ишканасындагы каражатты коромжу кылганы, муниципалдык жерди берүүдөгү коррупция боюнча күнөөлүү деп табылып, 15 жылга кесилген.
Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун коррупцияга байланыштуу шек саналган мурдагы аткаминерлер жазасын алышы керек деп эсептейт.
«Сапар Исаков саясий туткун эмес, - деди укук коргоочу. - Ал саясий көз караштарын ачык айтканы үчүн камалган жок. Ал кылмышкер. Анын айынан Бишкек Жылуулук электр борбору (ЖЭБ) зыян тартты. Мамлекеттик бюджетке кол салганы үчүн камалган. Бул иштер боюнча сот болду. Анын күнөөсү аныкталды. Сапар Исаков менен Албек Ибраимов эч качан саясатчы же коомдук ишмер болгон эмес. Бирде Бакиевдин, бирде Атамбаевдин камчысын чаап жүрүшкөн. Алар абактан чыгып, митингде сөз сүйлөштү. Муну менен алар «мына, мен саясий туткунмун» деп өзүн көрсөтүүнүн амалы болду. Бирок аларга эч ким ишенген жок».
6-октябрга караган түндөгү тополоңдо Атамбаев жана аны менен кошо камалгандар, Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияга байланыштуу соттолгондордун бир тобу абактан чыккан. Алардын арасында Салайдин Авазов, Дамир Мусакеев, Райкан Төлөгөнов, Айбек Калиев бар. Алар түзөтүү мекемелерине кайтарылган.
Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев ден соолугу начарлап кеткендигине байланыштуу Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган.
5-6-октябрдагы окуяларда түрмөдөн чыгып кеткен саясатчылардын арасында Садыр Жапаров да бар. Жапаров «2013-жылы Караколдо митинг уюштуруп, Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алган» деген айыптын негизинде 2017-жылы кармалган. 2019-жылы Жогорку сот аны 10 жылга эркинен ажыраткан. Бирок Жогорку сот шайлоодон кийинки тополоңдон соң Жапаровго чыгарылган мурдагы сот өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра райондук сотко жибергени белгилүү болду. Соттун бул чечими алгач Жапаровдун премьер-министр, кийин президенттин милдетин аткаруучу болушуна жол ачты. Ошол эле кезде Жогорку соттун акыркы чечими басым менен кабыл алынган жокпу деп суроо койгондор да бар.
Садыр Жапаров 16-октябрда жалпы кыргызстандыктарга кайрылуусунда саясий мотивдер менен соттолгондорго өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлөрүнө убада берди.
«Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун куралы болуудан калат. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон териси менен сезген саясатчы жоктур! Азыр да көпчүлүк саясатчылар саясий мотивдер менен соттолгон. Бирок бүгүн аларга өздөрүнүн күнөөсүз экендигин ачык процесстерде далилдей турган мүмкүнчүлүктөр түзүлдү. Анткени сотторго жана прокурорлорго эч ким кысым көрсөтпөйт. Мунун баары адилеттүү, калыс, жаңы сот өндүрүшүнүн башталышы болуп калат. Дал ушул күндөр соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коёт», деп айтылат Садыр Жапаровдун кайрылуусунда.