Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:46

ТИМ: Кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстан Түркия менен мурда жетишилген макулдашууларды толук ишке ашыруу маанилүү деп эсептейт. Бул тууралуу 19-октябрда тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Түркиянын башкы дипломаты Мевлүт Чавушоглу менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө айтканын мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Казакбаев Кыргызстанда ички саясий абал турукташып, мамлекеттик бийликтин бардык бутактары легитимдүү негизде, аткаруу бийлигинин бардык органдары кадимки тартипте иштеп жатышканын айтып берди.

Эки министр кызматташтыктын ар кыл багыттары боюнча пикир алмашып, артыкчылыктуу багыттарды күчөтүгө, ортодогу стратегиялык мамилелерди бекемдөөгө басым жасашты.

Казакбаев Бишкектеги Кыргыз-түрк ооруканасы убактылуу пайдаланууга берилгени коронавирус эпидемиясынын маалында жакшы жардам болгонун айтып, гуманитардык жана техникалык колдоо үчүн, Түркиядагы кыргызстандыктарды мекенине жеткирүүгө берилген жардам үчүн ыраазычылык айтты.

Түрк министри Кыргызстандын жаңы дайындалган министрин кызмат орду менен куттуктады.

Тышкы иштер министрлигин 2010-2012-жылдары башкарган Казакбаев бул ирет министр болуп 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки бийлик алмашуу маалында келди.

Кыргызстанда 15-октябрда расмий ишке ашкан бийлик алмашуу тууралуу түркиялык башкы маалымат каражаттарынын бири "TRT Haber" мамлекеттик телеканалы түрк тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 15-октябрда айткан сөзүн чыгарган. Анда министр Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларда Түркияда тыюу салынган ФЕТО тобунун жактоочуларынын ролу бар экенин ишарат кылган. (RK)

XS
SM
MD
LG