Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:29

Францияда мугалимди өлтүргөн окуядан кийин тогуз киши кармалды


Франция президенти Эммануэл Макрон.
Франция президенти Эммануэл Макрон.

Парижге жакын Конфлан-Сен-Онорин шаарчасында 16-октябрда мектеп мугалими өлтүрүлгөнүнө байланыштуу кылмыш иши ачылып, тогуз киши кармалды. Алардын экөө маркум иштеген мектептеги окуучулардын ата-энеси.

"France-Presse" агенттиги кабарлагандай, колго түшкөндөрдүн бир канчасы кылмышкерге байланышы бар адамдар.

Кылмышка шектүү өзү орусиялык чечен тектүү 18 жаштагы жаран экени айтылган. Баштапкы маалыматтарга ылайык, ал Мухаммед пайгамбардын карикатурасын окуучуларга көрсөткөн мугалимден өч алуу максатында аны мууздап, башын кесип салган. Шектүүнү полиция атып өлтүргөн.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, мугалим окуучуларга сөз эркиндиги темасын талкуулап, аларга пайгамбардын француз басылмаларында чыккан карикатурасын мисал катары көрсөткөн.

Трагедия болгон жерге 16-октябрда кечинде Франция президенти Эммануэл Макрон барган. Ал бул окуяда "исламчыл террордук акттын" белгиси бар экенин айткан.

Орусиядагы айрым басылмалар мугалимди өлтүргөн адам Москвада төрөлгөн Абдулак Анзоров экенин жазышты. Бирок бул маалымат расмий тастыктала элек.

XS
SM
MD
LG