Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:49

АКШнын өкүлү “Талибан” менен тынчтык келишими боюнча сүйлөшкөнүн жарыялады


Залмай Халилзад
Залмай Халилзад

АКШнын Ооганстандагы атайын чабарманы Залмай Халилзад "Талибан" кыймылынын өкүлдөрү менен өлкөдө зордук-зомбулуктарды токтотуу боюнча сүйлөшкөнүн билдирди. Буга өлкөдөгү соңку кырдаал Катарда өтүп жаткан Ооганстан боюнча тынчтык сүйлөшүүгө тоскоол болуп жатканы себеп болду.

Залмай Халилзад 15-октябрдагы билдирүүсүн Гильменд провинциясында көптөгөн жайкын тургундардын өмүрүн алган кагылыштар орун алып жаткан мезгилде жасады. Ал "Твиттердеги" баракчасына жазышынча, Ооганстандагы АКШнын аскер күчтөрүнүн кол башчысы Скотт Миллер, “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен бир нече жолугушуу өткөргөн. Анын жүрүшүндө быйыл февраль айында Катарда кол коюлган тынчтык келишиминин шарттарын бекем сактоо боюнча макулдашкан.

АКШнын аскерлерин чыгаруу жөнүндө Кошмо Штаттардын, ооган өкмөтүнүн жана «Талибан» кыймылынын ортосундагы келишимде айтылган эле. Быйыл февраль айында кол коюлган документте америкалык аскер контингентин Ооганстандан 2021-жылдын майына чейин чыгаруу тууралуу каралган. Буга жооп катары талибдер ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, жоочуларга каршы күрөштө ооган өкмөтүнө жардам бериши керек экендиги белгиленген.

XS
SM
MD
LG