Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:38

Жээнбековго экс-президент деген расмий макам ыйгарылды


Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында тартылган архивдик сүрөт. 2017-жыл.
Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясында тартылган архивдик сүрөт. 2017-жыл.

Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын экс-президенти деген расмий макам берилди жана анда бул макамга ылайык бардык ченемдер сакталат. Бул тууралуу 16-октябрда өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров экс-президент Сооронбай Жээнбеков жөнүндөгү жарлыкка кол койду:

«Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жана Кыргыз Республикасынын экс-президентинин статусу жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын экс-президентине мыйзамда каралган бардык ченемдер сакталат.

Жээнбеков алты жылдык президенттик кызматка туура үч жыл мурда келген. Быйыл 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон кийинки нааразылыктардан соң түзүлгөн саясий кризистен улам 16-октябрда отставкага кетти. (RK)

XS
SM
MD
LG