Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:44

БШК мүчөсү Абдрахматова ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялады


Атыр Абдрахматова.
Атыр Абдрахматова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын (Боршайком) мүчөсү Атыр Абдрахматова ыйгарым укуктарын токтотконун жарыялады. Жогорку Кеңешке жазган арызынын сүрөтүн ал 16-октябрда «Фейсбуктагы» баракчасына жарыялады.

Абдрахматова Боршайкомдон чыгуу тууралуу чечимин 4-октябрдагы парламенттик шайлоону «даярдоо жана өткөрүү учурунда БШКда көптөгөн мыйзам бузуулар болгону, чийки чечимдер кабыл алынып, чабал иш болгону» менен негиздеди.

Өз арызында ал «БШК мүчөлөрүнүн иш-аракети 5-октябрда элдик толкундоолорго, Үмүтбектин өлүмүнө, элдин шайлоого жана бийликке болгон ишениминин жоголушуна алып келди» деп жазды.

Боршайком Абдрахматованын билдирүүсү боюнча комментарий бере элек.

4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо болгон. Бул жараян ыплас өткөнүн айткан саясий партиялар эртеси күнү Бишкекте нааразылык акциясын уюштурушкан. Ошол күнү митингчилердин милиция менен кагылышуусунда жүздөгөн адам жараат алып, Үмүтбек аттуу 19 жаштагы улан көз жумган.

6-октябрга караган түнкү окуялар өлкөдө бийликтин алмашуусуна алып келди.

Кийин Боршайком шайлоонун баштапкы жыйынтыгын жокко чыгарды.

БШКнын 12 мүчөсү бар. Аларды беш жылдык мөөнөткө Жогорку Кеңеш тандап, бекитет. Талапкерлерди төрт кишилик квота менен парламент, президент жана жарандык коом сунуш кылат. (RK)

XS
SM
MD
LG